“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Балалуу болууну пландоодо бюджетке көңүл буруу керек

26 Апрель 2023 жыл 10:46
Көрүүлөрдүн саны: 32

Үй- бүлө баланы пландаштырып жатканда, ага керектеле турган бюджетти эсептебейт. Бала өз ырыскысы менен төрөлөт деген көз караш менен жашап келебиз. Азыркы заманда ар бир балага өзгөчө көңүл буруу, анын керектөөлөрүн сатып берүү мурункуга караганда бир топ жогору экенин ата-энелер айтып келишет.

Үй бүлөнү пландаштырууда акча роль ойнойбу? азыркы талаптарга ылайык баланы төрөп, аны эрезеге жеткирүүдө канча акча сарп кылат? Кыргызстанда баланы пландаштырууда акча эске алынабы? деген суроолор менен кайрылдык.

Негизинен баланы төрөгөндөн баштап эле акча сарпталат. Мисалы төрөткө даярдыкта эле канча кетет. Керебеттен тартып жалаягына чейин бир канча мин сомго сатып алууга туура келет деди айыл тургуну Зарина Орозова.
“Бир жолу колдонгон жалаяктар мурун 800-1000 сом болсо азыр 1600гө чейин чыкты. Балдардын атайын тамактары да кымбаттады. Ал эми бала бакчага барганда кийим-кечеси, бакча акчасы болуп дагы бюджет көбөйөт. 1-11-класска чейинки билим алуусу башталганда мамлекеттик эле мектепте окуган окуучуларды алсак минден- миллионго чейин акча сарпталат. Ошолордун баарын эсептеп отуруп, көп балалуу болгусу келгендер да азайды. Менин оюмча балага татыктуу тарбия берип, ага жогорку билим, кесип тандоосуна өбөлгө түзүү жана аны аткаруу ар бир ата-эненин милдети. Өз милдетин аткаруу үчүн ата-эне балага бардык мүмкүнчүлүктөрдү бериши керек. Бюджетине карап туруп баланы пландоо туура деп эсептейм.”

«Ар бир балага өзгөчө көнүл буруу талап кылынат. Менин төрт балам бар. Ар бир балама өз кызыкчылыга жараша билим берип жатам. Балдарымдын ар бирине өздөрү кызыккан тармакта ийримге барышат. Стереотиптик көз караш жок. Кызым каратэге катышып, мага эмерек жасоого жардам берет. Ал эми уулдарым үй жумуштарын жасай беришет. Балдарыма туура тарбия берип, ар бирине жол көрсөтүп, болгон мүмкүнчүлүктөрдүн баарын жаратып берип жатам. Ата-эне көп балауу болгондо бюджетти көбөйткөнгө умтулат. Анткени билесин көп иштеп, ар бир балага жете тургандай акча табышың керек. Көп балауу ата-эне баар жокту пландаштырып калат жана балдарынын муктаждыктарын толуктоо үчүн көп иштейт»,- деди Алмаз Дүйшөбаев.

Пенсионер Асылкан Зулумбекова:

«Мурда үй-бүлөдө көп балалуу болуп, биринин кийимин бири кийип чоңое берчүү. Ар бир бала өз ырыскысы менен чоңойот деген сөз менен төрөй беришкен. Мен 6 бир тууганмын. Биз баарыбыз тегеренип очоктун алдында отуруп чай ичет элек. Базарга атам барып улуу агама, анан мага кийим-кече алып келчүү инилери агамдыкын, синдим менин кийимимди кийчүү. Бала көптүгүнөн атам көп иштейт эле. Эртеменен кетип, кеч келет. Апам колхоздун малын багат эле. Апам кичүү инимди төрөгөндө эмне мынча көп төрөйсүн, кантип багам деп ойлобойсунбу деп урушканым эсимде. Антип айтуудун да себеби бар эле. Мен 10-классты бүтүп окууга тапшырайын деп жатканымда инилеринди карашын керек деп окутпай коюшкан. Ошондуктан мен турмуш кургандан кийин 3 эле балалуу болдум. Аларга билим берип, татыктуу жашоо берем дегем. Балдарымдын баарын окуттум. Баары жакшы жашайт. Ошондуктан баланы пландаштырып жатканда алардын келечегин да ойлонуш керек»,-дейт.

Мугалим Эмилбек Талипов:

«Азыркы заманда баланын талаптары көп. Жаштар баланы пландап жатканда сөзсүз ошол жагына көңүл бөлүшөт. Жылына Кыргызстанда баланын төрөлүү саны азайып жатат. Мурда ар бир үй бүлөдө 4төн бала болсо азыр 2-3 ал эми баатыр эне наамын алган энелер аз. Биздин апаларыбыз баатыр эне болчу. Мамлекет жакшы көңүл бөлүнүп, акча чыгарып берет эле. Азыр баатыр эне 1000 сом алат экен ал акча 7 баланын эмнесине жетет. Жети баланы чоңойтуп окута албаган соң Россияга иш издеп кетип жатышат. Окууга кирбейт, башка мамлекетте иштеп ден соолугунан ажырап жатышат. Ошого 2 балалуу болсон аларга билим, кесип, татыктуу балалалык, жашоо берүүнү ойлонуп пландаштырууну сунуштайт элем».

«Баланы пландаштыруу деген бизге жаңы нерсе. Баланы үйлөө, кызды турмушка чыгаруу бар ошол жерде акча роль ойнойт. Баланы пландаштырууда балага кете турган акчаны бизде эч качан эсептешпейт. Баарын пландоо жакшы, ата-эне убакытты туура пайдаланып, балдарга көбүрөөк көнүл бурат. Менин 3 уул, 2 кызым бар баарын окутуп, үйлөп жайлап жатам. Ата-эне бала үчүн бар жокко даярсын да, өзүң жебесен да балага жедиресин. Бала бактылуу болсо ата-эне да бактылуу»,- деди ишкер айым Айгүл Жаратова.

Коомду, жаш үй- бүлөлөрдү үй бүлө пландаштырууда сөзсүз бюджетке көңүл буруп, балдарга муктаждыгы жок балалык, сүйүктүү кесип, татыктуу тарбия бергенге үйрөнсөк.

Гулназ Камбарали кызы