“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Улан Масиров: Окуучуларыма кайрымдуулукту үйрөтүп келем

9 Апрель 2023 жыл 22:33
Көрүүлөрдүн саны: 35

Акман айылынын тургуну Улан Масиров 29 жашта, азыркы учурда №6 Б. Осмонов атындагы гимназия мектебинин информатика мугалими. Ал билим берип тим болбостон, балдарга кайрымдуу болууну да үйрөтүп келет. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнө окуучулары менен биргеликте кайрымдуулук концертин уюштуруп, балдардын бир күндүк жашоосуна катышып, жагымдуу маанай тартуулап келди.

№6 Б.Осмонов мектебинин окуучулары кайрымдуулук концертинде

«Биз кайрымдуулук иш- чарасын өткөрдүк. Кайрымдуулук иш- чарасынын негизги идеясы менин өзүмө таандык, себеби мен студент мезгилимде Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жаштар комитети менен бирге мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнө кайрымдуулук уюштуруп барганбыз. Биз студент болсок дагы жаныбызда болгон каражатты чогултуп белектерди, шириндиктерди, аларга керектүү буюмдарды алып, өзүбүздүн салымыбызды кошуп келгенбиз», — деди Улан Масиров.

«Ошол 2013-жылы барганда алар менен учурашканга, ойногонго, ырдаганга аларга бир-эки саат болсо да бактылуулук тартуулаганга менде мүмкүнчүлүк болгон. Анан ошол жылдан баштап такыр эсимден кетпей койгон, балдардын жашоосу кандай болду экен деп көп ойлончуумун. Себеби менин телефонумда, ноутбугумда алар менен түшкөн сүрөттөр, видеолор дайыма мени менен кошо жүрдү. Мезгил-мезгили менен көрүп оюмдан такыр кетишпейт эле. Анткени ошол кезде менин жүрөгүмдө алардын көздөрү, мамилеси түбөлүккө калган экен.

Окууну бүттүм, өзүмдүн туулуп өскөн айылыма мугалим болуп кирдим, мугалим болуп иштеп жүрүп класс жетекчи болдум, окуучулар, ата-энелер менен иштедим. Азыркы учурда ушул классым 9- класс менен биргеликте кайрымдуулук концерттин коюп дагы мен барган мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнө барууну чечтим. Өзүбүздүн белектерибизди алып, концерттик программаларды уюштуруп, өзүм көргөндү окуучуларыма дагы көрсөтөйүн деген максат менен уюштурдум.

Алар бизди өтө сонун деңгээлде тосуп алышты. Себеби мен бир ай мурун барып аларга билдирүү бергем. Кайрымдуулук концерттин окуучу балдарым менен уюштуралы десем, балдар үйүнүн жетекчилиги макул болду. Рахмат айтамын. Иш-чарадан соң окуучуларымдын көз карашы өзгөрдү. Кайрымдуулук менен башка балдарды кубанычка бөлөө канчалык бактылуулук алып келерин билдиришти. Мээримге толгон көздөрү менен дагы келели агай деп айтып жатышты.

Окуучулардын жаш кезинен кайрымдуу болууга үйрөтүү керек. Жаш мезгилинен калыптанган сезим, алар бой жетип чоң киши болгондо да жүрөгүндө болот дейм. Дайыма кайрымдуулук кылганга үйрөтүшүбүз керек.  Анткени ал балдар, биздин колдообузга, мээримибизге муктаж. Аз болсо да өз чөнтөгүмөн алып барган белектериз канча баланы кубантты. Демек мен өз максатыма жеттим. Ал эми мен азыр алып барган классыман кайрымдуулукту көп жасаган инсандар чыгат деп ишенем».

Кайрымдуулук концерттин уюштуруучулар окуучулар менен

«Менин аты жөнүм Асанова Жасмина 9-класста окуйм. Мен бул иш- чарадан кандай таасир алдым? Алгач эле коомдогу адамдар менен мамилени оңдоо таасири болду. Иш-чара жогорку деңгээлде өттү жана биз бул иш- чаранын максатына жетти деген үмүттөбүз. Себеби, биз ал жакка кирип барганда балдар бизди ушунчалык жылуу маанайда тосуп алды. Биз өзүбүз даярдаган программа аркылуу аларга концерттерди коюп бердик, аларга кур барбастан белек-бечкектерди алып бардык. Балдар сырттан келген адамга өтө жылуу мамиле кылышат. Биз бул иш- чарадан өтө мазмундуу жыйынтык чыгардык.  Бул иш- чара мындан ары да уланат биз аларга колдон келишинче жардам көрсөтүп турабыз деген үмүттөмүн».

Улан Масиров «Кайрымдуулук- жүрөгүндү мээримге толтурат»

«Улан кайрымдуулук концертин коюп келди. Окуучуларга кайрымдуулук жасоону үйрөтүү менен аларга туура жолду көрсөтүп келет. Дымактуу, жигердүү жаш мугалим, жоопкерчиликтүү, идеяга бай. Жаш болсо да өзүнүн аракети, умтулуусу артында бир топ жамаат ичинде аброй топтой алды. Улан информатик, санарип мугалим деп билем, ар бир сабагы санарип технологиясы менен коштолуп, заман талабына жооп берет. Жакында эле анын демилгеси менен бир топ мугалимдерибиз жаны ноутбуктуу болушту. Ал коомдук иштерге да активдүү катышып келет. Уланда лидерлик сапат да бар, мен аны келечектеги жетекчи деп да элестетем. Биз Уландан технологиялык каражаттар тууралуу да билбесек сурап үйрөнүп турабыз. Ал өзүнүн кесиптештеринен жардамын аябайт», -деди кесиптеши Назгүл Турсуналиева.

Назгүл Турсуналиева кесиптеши Улан Масиров менен

 

Гулназ Камбарали кызы, Нуриза Калдарбаева