“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Кыздар комитетинде кыздар чечимди өздөрү чыгарышат

27 Март 2023 жыл 13:08
Көрүүлөрдүн саны: 40

Ар бир мектепте кызадар комитети иштейт. Ал комитетти мектептеги мугалим менен окуучу кыздардын арасынан мүчөлөр тандалып иш алып барат.

Негизи кыздар комитети эмнеге түзүлгөн жана анын максаты кандай экенин Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин кыздар комитетинин төрайымы Турдукан Момкеевадан сурадык:

«Кыздар комитетинде иштегениме 5 жылдан ашты. Комитет өзүнүн ишмердүүлүгүн план түзүүдөн баштайт. Жылдын башында жыл ичинде эмне иш кылабыз? кандай иш чара, кандай докладдарды окуйбуз деп планга киргизип, директорго бекиттирип ишибизди баштайбыз. Андан соң кыздарга жыйналыш кылып, алардын ичинен үлгүлүү кыздарды сунуш кылабыз. Кыздар өздөрү тандап алышат. Кыздарды комитетке тандап алууда алардын окуусуна, тартибине, өзүн алып жүрүүсүнө карап тандайбыз. Комитетке 7-11 класстын кыздары кирет. Ар бир класстан бирден кыз тандап комитетке мүчө кылабыз, ал кыздар менен ар түрдүү маселелер болгондо сүйлөшүп, чечим чыгарабыз».

«Комитеттин негизги максаты кыздарды колдоо, аларга багыт берүү болгондуктан, ар түрдүү семинарларды өтүү менен иш алып барабыз. Кыздардын арасында ар түрдүү пикир келишпестиктер болуп калат, аларды чечип элдештиребиз. Кээде кыздар комитетинин мүчөлөрү тарабынан сунуш киргизилип, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз»,- деди Момкеева.

Кыздар комитетинин төрайымы Турдукан Момкеева

7-классынан бери комитетте мүчө болуп келген Аймээрим Саитжанова комитет кыздарга көп жардам берет деп билдирди.

“Кыздар комитетин ар ай сайын өтүп турабыз. Жыйында күн тартиби боюнча маселелер каралат, доклад окулат, кыздардын ич ара келишпестиктери, мугалимдерге мамилеси, форма тазалыктар тууралуу сөз болот. Кыздарга өздүк гигиена боюнча да түшүндүрөбүз. Дүйнөдө болуп жаткан кыздардын ийгиликтери тууралуу айтып берип, алардын өнүгүп-өсүшүнө мотивация беребиз. Бир айдын ичинде кээде кезексиз жыйындар да болот. Мисалы, бир кызда проблема болуп калса комитет чогулуп аны чечкени жардам беребиз.”

Комитеттин катчысы Миргүл Тургунали кызы кыздар комитетининин ар чогулушунда темалар кыздар тарабынан сунушталынарын айтты:

“Ар бир өтүлгөн жыйналышка протокол жазам. Комитетте кыздар өздөрү тема тандашып талкуулашат, ар түрдүү кырдаалдагы маселелерди өздөрү ич ара чечишет. Төрайым көздөмөлдөп кеңеш бере турган жерде кеңешин айтып турат. Кыздар арасында маселе көп чыгат. Кээде жакшы айтса, кээде урушкан учурлар да кездешет. Мектеп формасы, кыздардын тазалыгы, бири-бири менен мамилеси ар жыйналышта каралат.”

Кыздар комитети кыздардын укугун коргогон ар тараптуу жардам берген, алар менен иш алып барган уюм катары иштеп, кыздардын келечегине, алардын дүйнөгө болгон көз караштарын кеңейтип, ишеним менен мамиле кылып, жаркын келечекке үгүттөйт.

Гулназ Камбарали кызы