“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Жети приоритеттүү багытын натыйжалуу аткаруу боюнча жыйын өттү

5 Март 2023 жыл 10:51
Көрүүлөрдүн саны: 27

Ички иштер министринин 7 приоритеттүү багытын натыйжалуу аткаруу боюнча жыйын Базар-Коргон районунда өткөрүлдү.


2023-жылдын 3-февралындагы Кыргыз Республикасынын ИИМдин коллегиясынын жыйынтыгы менен кабыл алынган чыгыш №1/108 сандуу протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында, 7 приоритеттүү багыт боюнча натыйжалуу иш-чараларды алып барууда, биринчи багыт “Элге заманбап үлгүдөгү сервистик тейлөө көрсөтүп, коомдук коопсуздукту камсыздоого арналган – Милициянын көчмө кабылдамалары элдин кызматында иш жүргүзүп, милициянын коомчулукка ачыктыгын көрсөтүү” деп белгиленген.

Бул иш-чараларды уюштуруу максатында, ИИМдин КККнын бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Таалай Алижанов, Милициянын көчмө кабылдамасын колдоо Ассоциациясынын директору, ИИМдин Башкы штабынын ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары, милициянын отставкадагы полковниги Шамшыбек Мамыровдун катышуусунда, 2023-жылдын 2-мартында Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын чон жыйындар залында жыйын болуп өттү.


Жыйынга Базар-Коргон РИИБнин өздүк курамы, мекеме-ишканалардан жана дин өкүлдөрү катышты.


Жыйында Шамшыбек Мамыров ички иштер министри тарабынан коюлган 7 приоритеттүү багыт боюнча катышуучуларга кенен айтып берди. Бул приоритеттүү багыттарды ишке ашырууда элдин милицияга болгон ишеними жогорулай тургандыгын белгиледи.

Милициянын көчмө кабылдама унаасы

Ошондой эле, милициянын көчмө кабылдама унаасын максаттуу пайдаланып, милиция кызматкерлерин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жарандардын көйгөйлүү маселелерин жеринде чечүүгө чакырды.


Ал эми, Таалай Алижанов ички иштер органдарында жүрүп жаткан санариптештирүү багыты боюнча сөз кылып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө коомдук жайларга заманбап видеокамераларды коюп, түрдүү кырсыктардын алдын алууга үндөдү.

Гүлназ Камбарали кызы