“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргон: Туу күнүнө карата жөө жүрүш өттү

3 Март 2023 жыл 17:28
Көрүүлөрдүн саны: 44

Базар-Коргондо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туунун кабыл алынган күнү жана 5-март Ак калпак күнүнө карата
жөө жүрүш өттү.

Бүгүн, 2023-жылдын 3-март күнү Базар-Коргон районунун борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туунун кабыл алынган күнү жана 5-март Ак калпак күнүнө карата райондук мамлекеттик администрациясы, Базар-Коргон шаарынын мэриясы, райондук мекеме-ишканалар менен биргеликте 800дөн ашуун тургундардын катышуусунда майрамдык салтанат белгиленди.

Иш-чарада Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары А.С.Сансызбаева жалпы катышуучуларды Мамлекетик туу жана Ак калпак майрамы менен куттуктады.

«Бүгүн Сиздер менен “Мамлекеттик туу” жана Ак калпак күндөрүн белгилеп отурабыз. Ата-Бабаларыбыздын “каруусун казык кылып” жерибизди коргоп келген эр жүрөктүүлүгүнүн натыйжасында, ак калпак кыргыз эли кылымдарды карытып өз сапарын улап келет-деди Сансызбаева.

“Манас” эпосунда: “Желеги туудан бөлүнбөй, жердин жүзү көрүнбөй. Жер союлуп былкылдап, желеги алтын туу болду” — деген саптар, Кыргыз элинде мамлекеттин символу байыртадан эле бар экенин далилдейт.

Түндүк, өлкө калкынын биримдигинин символу болсо, желектин кызыл түсү айкөл Манастын туусунун түсү болгон. Андыктан, мамлекеттин символдорунун бири болгон туубузга аяр мамиле кылуу ар бир Кыргызстандын жаранынын ыйык милдети экени талашсыз.

Ал эми, Ак калпак — кыргыз элинин уникалдуу маданиятынын бир үлгүсү, өлкөбүздүн башкы символу. Акыркы жылдары бул күндү майрам катары белгилөө жакшы салтка айланды. Анткени, ушул күнү улуттук баш кийимибизге гана сый-урмат көрсөтпөстөн, кыргыз элинин көөнөрбөс каада-салтын жана үрп-адатын даңазалап келебиз.

Жалпыңыздарды Мамлекеттик туу жана Ак калпак күнү менен ак дилимден куттуктайм! Мамлекет үчүн жанын аябаган ата-бабаларыбыздын көксөгөн кыялын жана үмүтүн актоого ар бирибиз аракет кылалы.Ушул жаркын майрамда, баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм. Мамлекетибизде тынчтык жана ынтымак өкүм сүрүп, өнүгө берсин! -деди Асель Сансызбаева.

Иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Гүлназ Камбарали кызы