“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Дарыгер: Эркектер оорусун айтуудан уялышат

28 Февраль 2023 жыл 19:57
Көрүүлөрдүн саны: 46

Орто эсеп менен азыркы 60 жаштагы аялдардын дагы 20 жыл жашоо мүмкүнчүлүгү болсо, эркектердики 15 жыл. Статистикага таянсак эркектердин 70 пайызы гана пенсия жашына жетсе, аялдардын 90 пайызы жетет.


Себебин айыл тургуну Шакир Алыкуловдон сурап көрдүк.

«Эркек кишилер күчтүү келишет, алар дары ичкенди жактырышпайт. Ошондой эле ар кандай адамдар бар, кээ бири чынында ооруканага баруудан коркуп же уялып баш тартышат, кээ бири өзүнүн ден соолугуна кам көрүү үчүн ооруканага баруудан эч качан баш тартпайт. Мисалы мен өзүм мектепте иштегениме байланыштуу, ар убакта ооруган сайын ооруканага барам. Анан да эркек киши оорубайт, ооруса уят болот деген сөз туура эмес. Эми иммунитети төмөн эркек киши тез-тез оруп турат, а бирок иминитети жогору адамдар болсо аларда оору аз кездешет. Менимче оорусун жашырып, уялып дарыгерге көрүнүүдөн качкан эркектин акыбети жакшылык менен аяктабайт, анткени анын оорусу өтүшүп кетүүсү мүмкүн. Бирок эркек киши оорубайт эмес ооруйт, аларда суукта, ысыкта жумуш кылып жатып бир жерин оорутуп алган болушу мүмкүн».

Эркек киши оорубайт деген түшүнүк эл арасында калыптанып калган. Ушул себептен улам дарыгерге кеч кайрылышып, ооруну курчутуп жиберген учурлар көп кездешет деп билдирди Жалал-Абад облустук урология бөлүмүнүн дарыгери Бектур Абдырахманов.

Жалал-Абад облустук урология бөлүмүнүн дарыгери Бектур Абдырахманов

«Эми айтпай жүргөндүн себеби, ар кандай болушу мүмкүн, кээ бир эркектер уялышы мүмкүн, кээ бирлери тоготпойт, сезбей жүрө бериши мүмкүн же болбосо башка иштери көп, убактысы жок болуп калышы мүмкүн бир жумушту бүтүрүп алайын деп жүрө беришет. Азыр билесиңер ар кандай проблемалар көп үй-бүлөлөрдө. Мисалга алсак, үй салып алайын, чөп жыйнап алайын, малымды байлап алайын деп жүрө беришет. Ушундай социалдык себептерден болушу мүмкүн. Анан ошого маани бербей койот кээ бир адамдар. Ооруну жашырып, баягындай болуп азыр жакшы болуп калам, өтүп кетет деп коюп жүрө бериши мүмкүн. Ушундай себептер менен көп кайрылышат. Кээ бир адамдар чынында айткандан уялат, келип айткандан тартынат».

Албетте, азыркы учурда айымдар эле эмес эркектер дагы эмне себептен менин жашоом окшошпой жатат, жашоодогу проблемаларын, тапкан акчам эмнеге берекелүү эмес деген суроолор менен психологдорго эркектер көп кайрыла баштады. Сөзсүз түрдө ар бир адам психологго кайрылыш керек деп эсептейт психолог Мээрим Акимова.

Менин жеке оюм ар бир адам өзүнө-өзү кылат, ооруну, карызды деле өзү чакырат, ийгиликсиз болуп калууга деле ар бир адам өзү күнөлүү. Негизинен эркек киши өзү алдын алып, ден соолугун караганга өзү милдеттүү. Дарыгерлерге барбаган бирден-бир себеби алар уялышат, баргандан коркушат. Көбүнчө эркек киши коркок келет. Анан үй, жумуш, убактым жок деп көп эркектер өзүнүн ден соолугуна кайдыгер карагандыгынын кесепетинен улам ооруларга чалдыгышат. Ошондуктан, айттып кетет элем, эркектер эч качан уялбай, убагында ооруну билдиби дароо барыш керек, мисалы көп эркектер ооруну жашырат, ал өлүмгө ашкере болуп, өтүшүп кеткенден кийин барып, миллиондогон акчаларын коротуп жатышат. Анын эч кандай жардамы тийбейт. Ошондуктан ар бир эркекке айтат элем физикалык жана психологиялык жактан дагы күчтүү болуп, оорубаганга аракет кылыңыздар», — деди психолог Мээрим Акимова.

Ар бир оорунун алдын алганда гана ал ооруну жеңе аласын. Андыктан убагында дарыгерге кайрылуу менен сиз өмүрүңүздү узартасыз.

Камбарали кызы Гүлназ, Нуриза Калдарбаева