“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргон: Мекен коргоочуларынын күнү белгиленди

23 Февраль 2023 жыл 10:34
Көрүүлөрдүн саны: 25

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясында 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата майрамдык салтанат өттү.

Салтанатка Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Асель Сансызбаева, Тажик-Авган согушунун катышуучулары, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жаштар катышты.

Майрамдык иш-чарада жаштарга мекенди коргоо жана элин, жерин сүйүүгө болгон кызыгуусун арттыруу тууралу сөз болду.


Мекен коргоочуларынын күнүнө карата уюштурулган иш-чарада сахналаштырылган чыгармалар коюлуп, концерттик программа менен коштолду.


Райондук жалпы билим берүүчү мекемелеринде Ата Мекенди коргоого, сүйүүгө багытталган дил баяндар жаздырылып, тарбиялык сааттар жана ачык сабактар өткөрүлдү.

Китепканаларда китеп көргөзмөлөрү жана атайын бурчтар уюштурулду.
Мындан сырткары 2023-жылдын 18-19-февраль күндөрү Базар-Коргон шаарында жана Кеңеш айыл аймагында жаштар жана чоңдордун арасында спорттун волейбол, баскетбол жана тогуз коргоол түрү боюнча спорттук иш-чаралар уюштурулуп, жеңүүчүлөр диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйналышты.

Сабина Кылычбекова