“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Варшавада окуган Төрайым

22 Февраль 2023 жыл 16:07
Көрүүлөрдүн саны: 29

Төрайым Алимжан кызы азыркы учурда Польшанын борбору Варшава шаарындагы Финансы жана бизнес академиясында Компьютердик инженерия “Computer Engineering” багытында магистратурада окуйт. Мектепте окуп жүргөндө эле чет өлкөдө билим алуу кыялы болчу.

Мен окуган мектепте жогорку класстарда окуп жүргөндө эле чет мамлекетке барып билим алуу, саякат кылууну эңсечүмүн. Дайыма чоң нерселерге, бийиктиктерге умтулуу кыялым эле. Үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу бакалаврды ОшМУда, Математика жана информациялык системалар факультетинде окугам. (чет жакка чыга албай калгам). Ал убакта группалаштарым Казакстанга барып билим алып, жайында Германияга барып иштеп келишчү. Мен бара албаганыма жаным кейүчү. Бирок, ошондо өзүмө өзүм айтар элем: “Эгер азыр болбосо, кийин жумуш боюнча же магистратураны чет жактан окуп келем” деп.


Ошто окуп жүргөндө ыктыярчылык менен алектенчүмүн. Андан соң өзүм ыктыярчы болуп жүргөн “Юз оф Ош” коомдук бирикмесинде доолбордун координатору болуп иштей баштадым. Ал уюмда робототехниканы жайылтуу максатында мугалимдерге, студент жана окуучуларга окутууларды, фестивалдарды уюштуруу менен алектенгенмин. Андан сырткары жаштарга жумшак көндүмдөрүн (гибкие навыки) өнүктүрүү боюнча тренинг/семинарларды да өткөрчүмүн. Ошондо 21- кылымда жөн эле билимдүү болуу жетиштүү эмес, андан сырткары сенин жөндөмдөрүң да болушу керектигин түшүнгөнмүн. Чет жакка чыгып келүү максатым андан да күчөй баштаган. Окууга тапшыруу үчүн жогоруда айткандай биринчи кезекте максат койгом, анан да англис тилин таштаган эмесмин. Ошонун аркасы менен азыр магистратуранын биринчи курсунда окуп жатам.

Варшавага учуп келатканда эле бир кызыктай сезимдер болгон. Бир тараптан балалык кыялым орундалып жатканына сүйүнүп, экинчи тараптан үй-бүлөмдөн алыс баратканыма капаланып келгем. Келгенден кийин бир нече күнгө чейин ишене албай, баары түш сыяктуу, ойгонсом кайра Кыргызстанда болуп калчудай сезилип атты. IT багытындагы билимди интернеттеги ачык булактардан же курстардан үйрөнүп алса болот, бирок бул жактагы чөйрөнү таба албайсыз. Ар башка мамлекеттен келген студенттер, сеникине окшобогон көз караштар, ойлор, башка маданият, жашоо образы менен айырмаланган коомдо жүрүү өзүнчө бир керемет. Бул жерде биздин баарыбызды (студенттерди) бириктирген бул билимге болгон умтулуу жана англис тили.

Келгенден соң окууда кыйынчылык болгон жок, болгону күнүмдүк жашоодо тил менен бир аз кыйналдым. Себеби, жергиликтүү эл өздөрүнүн (на польском) тилинде 95-100% сүйлөшөт. Сени карап туруп, бул турист же конок экен, аларга түшүнүктүү тилде сүйлөйүн дебейт. “Сен Польшада жүрсөң, демек биздин тилде сүйлөшүң керек” деген принцип бар. Бирок жардам бергенге аракет кылгандар да жок эмес.

Бизде эми гана биринчи семестр бүтүп жаткандыктан баа берүү кыйын. Ийгиликке жетиштим же жтеишпедим деп айта албайм. Бирок, айткым келгени, бул жакта студенттен көз каранды баары. Баардык материалдар атайын университеттин порталында болот. Ал жакка мугалимдер тапшырма, шилтемелерди жүктөп, сага дедлайн коет, ошого карап бардык тапшырмаларды аткара бересин. Мугалимдер менен да электрондук дарек аркылуу сүйлөшөсүн көбүнчө. Кыргызстандан келген студенттерге өз алдынча болууну, студент катары жаңы технологияларды колдонууну үйрөтөт.
Азырынча менин жергиликтуу (поляки) жаштардын арасынан тааныштарым аз. Ошондуктан, кыздарга болгон мамиле тууралуу жакшы маалыматым жок. Бир нерсени анык билем: бул жакта аборт кылуу закондо тыюу салынган. Ошондуктан балалуу болуу маселесине олуттуу карашат.


Мен азыр контаркттык негизде окуп жатам. Бардык каражаттарымды өзүм каржылайм. Бул жакта студенттерге жумуш оңой табылат, анан студенттертер айлык маянасынан салык да төлөшпөйт. Ошондуктан окуп анан иштегенге да жетишүүгө аракет кылам. Бирок, Европада стипендия алып окууга мүмкүнчүлүк берген көп программалар бар. Кызыккан адам интернет булактарынан маалымат алып, ошол программанын шарттарына ылайык даярданып, тапшырса болот.
Чет мамлекетте окууну эңсеген кыздар көп экенин билем, алардын ниети ишке ашуусуна тилектешмин. Чет мамлекетте жашап көрүү мүмкүнчүлүгү көп жакшы нерселерди берет:
1. Ата-энеден өзүнчө бөлүнүп, чыныгы жашоону көрүү, өзүнүн жашоосуна жоопкерчилик алууну үйрөнүү;
2. Башка маданият, башкача жүрүм-турум, бакшка коомдо чоңойгон адамдар менен таанышуу. Бизге көнүмүш болгон нерсе, башка адамдар үчүн чоочун экенин сезүү;
3. Чет тилде сүйлөө — биз мектепте үйрөнгөн аглис тили ал таптакыр башка экенин, күнүмдүк жашоодогу англис тили башкача экенин түшүнүү;
4. Дүйнөдө көп мүмкүнчүлүктөр, сен билбеген маалыматтар, көрө элек жерлер, татып көрө элек даамдар, сендеп таптакыр айырмаланган адамдар бар экенин билуу ж.б.


Бул нерсеге жетүү үчүн мен биринчи кезекте максат коюуну сунуштайм.
1. Качан, кайсы мамлекетке, эмне максатта баргың келет? Ал нерсе сага керек? Сага эмне берет? Деген сыяктуу суроолорго жооп табуу керек.
2. Анан сөзсүз тил үйрөнүү, кайсы мамлекетке тапшрып аткан болсо, ошого жараша тест тапшырып, грант утуп алууга аракет кылуу.
3. Ыктыярчылык. Бул жакта сенин күндөлүктөрү бааларың эмес, сен кандай адамсың, сенин кандай жөндөмдөрүң, көндүмдөрүң бар экенине карашат. Ал нерселерди ыктыярчы болуп жүрүп же ар кандай программаларга катышып жатып өнүктүрүп алса болот.