“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Гулзада Абдулахатова: Чет өлкөгө окуу чечимин дароо кабыл алган эмесмин

22 Февраль 2023 жыл 16:20
Көрүүлөрдүн саны: 62

19 жаштагы Гулзада Абдулахатова учурда Туркиянын Кютахья деген шаарында англис тили багытында окуйт. Чет жакка чыгууну кичинекей балалык кезинен кыялданып жүргөн Гулзада кыялына жетип, өзү каалаган окуу жайда окуп жатат.

“Бул чечим бир турган учурда эле дароо чет өлкөгө чыгам деп кабыл алынган эмес.
Эс тарткан кезде 3 жыл өзүмдү психологиялык жактан даярдадым жана ата-энемди дагы өзүм менен кошо даярдадым. Ошол себептен кетерде менде ата-энем жактан түшүнбөстүктөр болбоду. Алар мени колдошту, ата-энеме аябай ыраазымын”, -деди Абдулахитова.

Жогорку окуу жайга өтүү мүмкүнчүлүктөрү:

Туркияда окууда тандаган университетинде ар кандай алмашуу программалары болот мисалга алсак: Erasmus, Mevlana. Бул программалар аркылуу Европанын окуу жайларында бир семестр окуп же болбосо практика, тажрыйба алмашууга келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт жана албетте Туркиянын ар бир шаарында жайгашкан университеттер арасында болуучу иш-чараларга катышып, саякаттай алышат”
Чет өлкөдөгө окууга өтүүнүн менин билгеним боюнча эки жолу бар:
Туркия стипендиялары(бюджет)
Аттестат менен окууга тапшыруу(контракттык негизде)


Мен контрактык негизде окуйм. Чет мамлекетке окуу үчүн кыздар алдын ала өздөрүн:
моралдык, психологиялык жактан даярдаш керек, өздөрүн өнүктүрүү үчүн ар кандай проект,семинар,тренингдерге катышуусу аябай маанилүү жана албетте тил үйрөнүүсү абзел, бул өздөрү үчүн аябай жакшы болот.
Ошондой эле кыздар дагы өнүгүүсү үчүн ар кандай иш-аракеттерди жасагым келет. Мисалы айыл жергесинде жашап,окуган кыздарга көп көңүл бургум келет.Аларга чет өлкөдө окуу сырларын, өнүктүрүүчү тренингдерди, проект, грант жазуу боюнча сабактарды өткүм келет. Буйруса чет жакта топтогон тажрыйбаларымды ар бир кызга бөлүшүү үчүн азыртан аракет кылып жатам жана кыла берем.


План, максаттарым көп. Буйруса билим алуунун артынан токтогум келбейт. Бир гана Туркия эмес, Европага дагы чыгып, ал жактын дагы билим алгым келет. Албетте билим алып, такшалып өз мекениме, Кыргызстаныма кайтып келем жана билим берүү тармагында иш алып барууну каалайм.
Кыргызстанымдын өнүгүүсү үчүн мектептерде иштегим келет, балдарга сабак берип, аларды ар тараптан өнүгүүсүнө жана татыктуу билим алуусуна жардамчы болом. Анткени жаштар биздин келечек деп көп айтабыз. Биздин келечек деп эсептелген жаштарды,балдарды жаштайынан мыкты тарбиялап өстүрүү керек деп ойлойм.
Ошондой эле кыздар дагы өнүгүүсү үчүн ар кандай иш-аракеттерди жасоону максат кылгам. Мисалы айыл жергесинде жашап, окуган кыздарга көп көңүл бургум келет. Аларга чет өлкөдө окуу сырларын, өнүктүрүүчү тренингдерди, проект, грант жазуу боюнча сабактарды өтүүнү, маалыматтарды жеткирүүнү каалайм. Буйруса чет жакта топтогон тажрыйбаларымды ар бир кызга бөлүшүү үчүн азыртан аракет кылып жатам жана кыла берем.

Кыргызстанды, ата-энем, жакындарымды дайыма сагынам. Андай учурда албетте дароо ыйлап алабыз. Сагынычты басуу үчүн кыргызча кино, Салам Нью-Йоркту көрүп баштайм, китеп окуп, хобби менен алектенип, алаксуу аракет жасайм.

Чет өлкөдө окуган кыздар өздөрүнүн күчүнө ишенип, дайыма көз каранды эмес.

Чет өлкөдө окугусу келген кыздарга кеңешим;

-Көп китеп окугула (бул нерсе жеке инсандык өнүгүү үчүн абдан маанилуу)

-тил үйрөнгүлө (чет жака чыгууда эркин жүрүүнү кааласанар анда сөзсүз актуалдуу болгон тилди азыртан баштап үйрөнгүлө. Мисалы англис тили)азыр Туркияда жумушка кирем деп сурансан дароо кайсыл тилдерди билесин деп сурашат.

-проект, семинар, тренингдерге бош убактынарда көбүрөөк катышып, сертификат, дипломдорду азыртадан эле чогулткула (көп жерде аябай чоон жардамы тиет)

-компьютердик сабаттуулук
компьютерди колдонууну элементардык эле word,Excel,PowerPoint ушул сыяктуу программаларды үйрөнүп алса аябай жакшы (чет жакта технология жакшы өнүккөн).

Мотивация катары кыздарга төмөндөгүлөрдү айткым келет:

Эч нерседен коркпо!
Кыялдан!
Ишен!
Аракет жаса!
Ар бир аткан тан, жаны мүмкүнчүлүктөрдүн ачкычы!