“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Фестиваль: Мамлекеттик тил — достуктун жана биримдиктин тили

22 Февраль 2023 жыл 15:44
Көрүүлөрдүн саны: 38

21-февраль — Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия “Мамлекеттик тил — достуктун жана биримдиктин тили” аттуу фестиваль өткөрүлдү.

Фестивалдын максаты жана милдети:
— «КР мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын колдонулушун ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
— Мамлекеттик тилдин конституциялык даражасын чыңдоо, анын социалдык-коомдук маанисин жогорулатуу;
— Рухий дөөлөттөрдү, маданий-тарыхый мурастарды кеңири даңазалоочу иш-чараларды жандандыруу.
— Кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары статусунун маанисин кеңири жайылтуу жана колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү;
— Кыргыз Республикасында жашап жаткан бардык улуттардын, этностордун тилдерин сактоо, өнүктүрүү жана алар үчүн кам көрүү менен бирге мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү учурдун маанилүү фактор катары көрсөтүү;
— Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоо жана көп тилдүүлүк саясатын колдоо;
— Ар тараптуу өнүккөн, өз элинин руханий-адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарын терең сиңирген, эне тилин негизги баалуулук катары сыйлаган, билимдүү, жоопкерчиликтүү, дени сак, мекенчил, татыктуу инсанды калыптандыруу;
— Мамлекеттик жана эне тилге аяр мамиле кылуу, жарандык коомдун өнүктүрүү процессине шайкеш келүү жана мекенчилдик сыяктуу коомдук жүрүм-турум ченемдерин мыйзам-ченемдүүлүккө айландыруу;
— Ар бир улуттук нарк адамзаттын жан дүйнө казынасынын кайталангыс табылгасы экендигин жарандарга жеткирүү жана түшүндүрүү;
— Ар бир улуттун улуттук баалуулуктарын, рухий дөөлөттөрүн, маданий жана тарыхый мурастарын мамлекеттик тилде даңазалоо.

Райондук фестиваль Базар -Коргон мамлекеттик администрациясында жогорку деңгээлде өткөрүлд, Фестивалга Базар-Коргон райондук адимистрациясынын акиминин орун басары Асель Сансызбаева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев жана мектептердин директорлору, мугалимдери, окуучулар катышты.


Алтын-Кыя орто мектебинен көркөм ыр окуу №26 Худайбердев орто мектеби көп тилде Манас айтуу, №1 Макаренко гимназия мектеби өзбек тилдүү жана англис тили мугалими менен окуучулар көп тилде Манас айтышты

№6 Осмонов гимназия мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, райондук Манас боюнча куратор Н.Турсуналиева жана №5 Токтогул гимназия мектеби жана №21 С.Ташиев орто мектебинин тайпалары Манас таануу интеллектуалдык таймашын көрсөттү

№3 Бабур гимназия мектебинин мугалими кыргыз тилинде ыр ырдоодо №2 Нышанбаев орто мектебинин мугалими кыргызча обон созду

№4 Навои орто мектеби өзбек элинин каада-салтын көрсөтүштү

№52 Бакиев орто мектеби кыргыз элинин макалдары айтылууда

Фестивалдын алкагында иш-чараларга жигердүү катышкандарга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сыйлыктары тапшырылды

Жаркын Маматова,  Гулназ Камбарали кызы