“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргон: «Манас таануу» таймашы өттү

13 Февраль 2023 жыл 13:47
Көрүүлөрдүн саны: 33

Базар-Коргон районундагы Б.Осмонов атындагы гимназия орто мектебинде райондук жалпы билим берүүчү мектептеринин окуучуларынын арасында республикалык «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашы жана Манас айтуучулардын сынагынын райондук баскычы өттү.

Телетаймашка райондогу 50 мектептин окуучулары катышып «Манас таануу» боюнча кыргыз тилдүү топтор арасында:
1-орун №6 Б.Осмонов а.г.м. «Гүлазык» тобу
2-орун №17 С.Далбаев а.г.м «Кабылан» тобу
3-орун №35 Тешебай Исак уулу а.о.м. «Кабылан» тобу

Окутуу улуттук мектептердин арасындагы топтордон:
1-орун 16 К.Рахманов а.о.м. «Кабылан Манас » тобу жана_/37 Сейдикум а.о.м. «Айкөл Манас » тобу,
2-орун  №3 Бабур а.г.м. «Аккула»тобу
3-орун  №34 Ю.Исламов а.о.м. «Үч баатыр» тобу ээлешти.

Кыргыз тилде «Манас айтуу» боюнча:
1-орун №38 А.Осмонов а.о.м. Мааткалыков Белек
2-орун №6 Б.Осмонов а.г.м. Замирбек уулу Мээримбек
3-орун №1 Макаренко а.г.м. Райымбердиев Нурболот

Башка тилде «Манас айтуу» боюнча:
1-орун №1 Макаренко а.г.м. 8-классынын окуучусу А.Арабаев
2-орун №28 Шеркулов а.о.м. окуучусу Надырбеков Ариет,
3-орун №57 о.м. окуучусу Мадаминжанова Ойдинайлар алышты.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр райондук мамлекеттик администрация, райондук билим берүү бөлүмү, «Көйкашка» коомдук фонду, «Манас» театры жана демөөрчүлөр тарабынан диплом, ыраазычылык каттар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Гулназ Камбарали кызы