“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ден соолук сакчыларынын ийгиликтүү эмгектери

3 Февраль 2023 жыл 11:12
Көрүүлөрдүн саны: 36

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын урология бөлүмүндө дарыланып жаткан бейтептар өз ойлорун билдирип, оорукананын азыркы абалы бир канчага жакшырганын белгилешти.


Аталган урология бөлүмү мамлекеттик бюджетинен кыргыз өкмөтү тарабынан салынып , ишке берилип 2021-жылы 19-декабрь күнү президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ачылган. Шарты заманбап оорукананын бөлүмүндө 20 кызматкер эмгектенип келүүдө.

Урология бөлүмүн Бектур Абдырахманов жетектейт. Ал 1994-жылы Кыргыз Мамлекеттик Медицина институтунун дарылоо факультетин бүтүрүп, ошол эле жылы Бишкекте Республикалык клиникалык ооруканасынын базасында иштеп, 1995-жылы Ош шаарына №2 балдар поликлиникасына келип уролог болуп эмгектенген. Ошол эле учурда Ош шаарындагы медициналык окуу жайында сабак берип жүргөн. 2012-жылы Жалал-Абад облусуна келип, урология бөлүмүндө, 2012-жылдан баштап аталган бөлүмдү жетектеп келүүдө.

Урология бөлүмүн жетекчиси Бектур Абдырахманов

“Азыркы учурда урологияга кайрылган оорулуулар көп болууда. Тилекке каршы онкологиялык бөйрөктүн, табарсыктын рак оорулары кездешүүдө” — деп билдирип аталган бөлүмдүн башчысы Бектур Абдырахманов төмөнкү маалыматтарды айта кетти:
“Ар кандай себептерден улам жылына аденома оорусу менен былтыркы жылы 100 операция жасалса, 30-40-бейтаптын бөйрөгүн, бөйрөктөгү таштарды алуу учуру болду. Бөлүм жаңы ачылгандан бери көп медициналык аппараттар алынып келинди. Хирургиялык аспаптар жетишээрлик. Бирок заман бир орунда турбайт, жаңы технологияга басым жасап, эндоскопиялык, лапараскопиялык аппараттар менен кеспестен, жөнөкөй методдун жардамында, көп жаракат келтирбей операция жасоо үчүн керектелүүчү шаймандардын жоктугунан бир аз аркада калып жатабыз. Аппараттар аябай кымбат. Оорукананын директору Кубан Ботокараев буйруса оорукананыны бюджетинен келе жаткан жылдары жаңы жабыдыктарды алабыз деп билдирди. Жылына алынып турса буйруса биз да заман талабына ылайык жогорку деңгээлге чыгабыз”

Операцияны алыстан туруп, дистанттык жол менен, бөйрөктөгү таштарды талкалоочу аппаратты алуу боюнча иш алып барып жатабыз. Биздин муктаж экенибизди билдирип Саламаттыкты сактоо министирине, Саламаттыкты сактоо борборуна кайрылуу кат жаздык. Кат кабыл алынып, саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жактырылган. 2022-жылы күз мезгилинде тендерге коюлган. Келе жаткан жылы алып калабыз деп ишенебиз. Ал аппарат келсе областын эли үчүн жакшы болот. Себеби бөйрөктөгү таштарды талкалатуу үчүн Ош, Бишкек, Өзбекстанга барып жатышат. Бул да болсо эл үчүн материалдык чыгым, убакытты талап кылат. Эгерде аппарат келип калса, элибиз үчүн жеңил болот. Бейтаптар келип оорусунан сакайып, ыраазычылык айтышат. Жетекчилигибизге рахмат , буйруса иштейбиз, элди дарылап, жардам беребиз»,- деди дарыгер Абдырахманов.

Бектур Абдырахманов 2010-жылкы июнь окуясында жарат алгандардын өмүрүн сактоо үчүн талыкпай эмгектенгени үчүн “Медицинанын ардактуу кызматкери” төш белгиси, Шаардын мэринин, областын губернаторунун, саламаттыкты сактоо министиринин ардак грамоталары менен сыйланган. Аскер бөлүктөрүнүн жоокерлерин да карап, жардам көрсөтүп дарылайт. Алардан да грамоталарды, медициналык кызматкерлердин республикалык профсоюзунун ардак грамотасын, “Мыйзам мейкини” республикалык гезитинин “Жылдын мыкты дарыгери” сыйлыгын алган.

Урология бөлүмү таза, кенен, жылуу экенин кирип бара жатканда эле байкалды. Бейтаптардын бөлмөлөрүндө ысык суу, жумшак жууркандар, тамактануучу бөлмөсү да заманбап жасалгаланып, бейтаптар үчүн демөөрчүлөрдөн филтирленген суу коюлган.

Филтирленип тазаланган сууну колдонуу учуру

Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын урология бөлүмүндө дарыланып жаткан бейтептар өз ойлорун билдирди

Бөлүмдүн шарты аябай жакшы. Мед кызматкерлер да сылык мамиле жасап, ооруңду айыктырат экен. Дарыгер жана бөлүм башчы Бектур Абдырахманов өзгөчө көңүл буруп, бейтаптардын ар бири менен маектешип, оору тууралуу айтып берип, кантип дарылоо керектигин түшүндүрөт деди Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынан келген 70 жаштагы Рахима Мамитова

Бектур Абдырахманов бейтап менен

“Мен көп жылдан бери Бектурду билем. Эң жакшы дарыгерлердин бири, мед кызматкерлер да жакшы карашат. Баарына иштерине ийгилик каалайм. Мен аябай ыраазы болуп жатып, оорума шыпа таап чыгып жатам. Үй бүлөлүк бакыт-таалай каалайм. Ооруп, кыйналып келген бейтаптарды сакайтып, Бектур эл урматтаган, кыргыздын чыгаан жигиттеринен болуп жүрсүн. Жаңы ишке кирген дарыгерлерге үлгү болсун”

Байлап-таңуу кези

Таш көмүр шаарынан келген Каримбай Койчуманов ооруп, баса албай келдим эле буйруса жакшы болуп калдым. Урология бөлүмүнө келгенде эле бөлмөлөрдүн жылуулугу менин көңүлүмдү бурду. Аябай суук болуп жатканда бөлмөлөр ысык болуп, ыңгайлуу жаттым. Дартыма дабаа таап, жакшы болуп калдым. Мени дарылаган Бектурга жана анын колунда иштеген ар бир кызматкерге ыраазычылык билдирем деди.

Каныкей Зулпукарова мед айым

Аталган урология бөлүмунүн кызматкери Каныкей Зулпукарова өтө колу жеңил өз ишине тың медайым экен. Келген бейтаптардын көңүлүнө карап, убагында карап, жакшы маанай да тартуулай алат . Ушул кызыма да рахмат дешти- Кара-Көл шаарынан келген Калбү Тууганбаева жана Жалал-абад шаарынын тургуну Аваз Садыкова.

Кара-Көл шаарынан келген Калбү Тууганбаева жана Жалал-абад шаарынын тургуну Аваз Садыкова

Бейтаптар үчүн эмгегин аябаган медкызматкерлер ар күнү иш ордунда милдеттерин так аткарышат. Ар бир күн пландоо менен жүргүзүлөт.

Гулназ Камбарали кызы