“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргон: Агрардык өнүктүрүү башкармалыгы жылдык планды ашыкча аткарды

3 Февраль 2023 жыл 14:29
Көрүүлөрдүн саны: 31

Базар-Коргон районундук агрардык башкармалыгы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 102%га аткарган.
Башкармалыктын билдиргенине караганда 12 айдын жыйынтыгы менен былтыркы жылга салыштырмалуу 348 млн 363миң 700 сомго көп жана өсүү темпи 102.8% аткарылган.


2022-жылы райондун айыл аймактарында 45 даана күнөсканалар болуп, Бешик-Жон айыл аймагында 7 даана, Базар-Коргон айыл аймагында 16 даана, Сайдыкум айыл аймагында 18 даана Кенеш айыл аймагында 4 даана болуп алардын бардыгында элди жашылчалар менен камсыздоо максатында ар түрдүү жашылчалар өстүрүлүүдө.


Райондо 39 га жерге тамчылатып сугаруу жолу менен мөмөлүү бактар, “Павловния” дарагын өстүрүшүүдө.
Талаачылыкта айыл чарба эгиндеринен 2022-жылда 8140 тонна буудай жыйналып, 2021-жылга салыштырмалуу 2046 тоннага көп өндүрүлүп аткаруу пайызы 133.5%ды түздү.


“Айыл чарбасын каржылоо-10” долбоору боюнча
Базар-Коргон районунда 2022-жылы жеңилдетилген 6 пайыздык насыялардан пайдалануу боюнча дыйкан-фермерлерге кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, райондогу банктардан насыялар берилген.
Мал чарбасы боюнча район боюнча 2022-жылга карата 9563 тонна эт, 57073 тонна сүт, 9572миң даана жумуртка, 202 тонна жүн өндүрүлгөн.

Акман айыл аймагындагы “Үсөн-Ата” асыл тукум чарбасы эт багытындагы “Гиссар” породасындагы койлөрду өстүрүп, 2022-жылга 2.8 тонна эт, 0.9 тонна жүн өндүргөн.

Акман Бешик-Жон комитеттери менен биргеликте Күрөбөс жайлоосуна баруучу Босого участкасына узундугу 10 метр болгон 530миң сомдук көпүрө курулуп ишке берилген.
Тоңдурма айдоо боюнча 9924 гектарга тоңдурма айдоо тапшырмасы берилип, 29-декабрга 100% аткарылган.

Толук маалыматты төмөндөн көрүңүз:

Гулназ Камбарали кызы