“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Билим алуу жана өзүн өнүктүрүү экономикалык зомбулукту азайтат

1 Февраль 2023 жыл 7:37
Көрүүлөрдүн саны: 27

Экономикалык зомбулукка иштебей отурган аялдар көп кездешерин эксперттер айтууда. Аялдар өз ишин ачып, бизнес жүргүзсө жеке ишкердик менен алектенсе, акча таап баштаганда күчтүү болот көп маселелерди чечет, маанилүү чечимдерди кабыл алат.

Аялдардын жана кыздардын экономикалык жана финансылык көз карандысыздыгы абдан маанилүү. Аял экономикалык жактан көз карандысыз болсо ошондо үй-бүлөлүк зордук-зомбулук учуру да аз болот дейт гендердик эксперт Элира Турдубаева.

Гүлназ Камбарали кызы