“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

«16 жашта турмуш куруп ден соолугумдан ажырагам»

1 Февраль 2023 жыл 7:35
Көрүүлөрдүн саны: 30

Салима Курбанкулова 16 жашында атасынын чечими менен турмушка чыккан. Ден соолугунун жабыркашына эрте жашта турмуш куруу себеп болгон дейт.

Салима үйдөгү 6-кыз болчу. Атасы каардуу киши болгондуктан, анын сөзүнө апасы, үй-бүлө мүчөлөрү да каршы чыга алышчуу эмес.
“Атам аябай жини тез келген, кыздарды бала ордуна көрбөгөн киши эле. Көчөдө канча балаң бар десе 2 уулум бар деп койчу. Бирок биз үй бүлөдө 10 бир тууган элек. Ошентип мен 9-классты бүткөнүмдөн кийин эле кыздын барар жери күйөө деп мен тааныбаган 10 жаш улуу кишиге турмушка берди. Анда мен 16 жашта болчум. Эч нерсени түшүнбөй эле турмушка чыгып, жашоо ушул экен деп отуруп калдым. Беш жолу боюмдан түштү. Эч балдарым токтободу. Ошондо жолдошум мени «кетесин»- деп аябай катуу урду. Ден соолугумдан ошондо эле ажыраган экенмин. Башыма каттуу ургандыктан, азыр да ооруп, кыйналып келе жатам. Атам мени үйгө алып келип, аябай ыйлады. «Тагдырыңа балта чаап койдумбу»- деди.

Арадан 10 жыл убакыт өткөндөн кийин экинчи турмушту мен өзүм тандадым. Бирок балалуу болгон жокпуз. Дарыгерлер жаштыгында доо кеткен деп, кайра балалуу болбойсуз дешти. Ошентип жолдошум балалуу болбосок да мейли деп 35 жыл бирге жашадык. Азыр жашым 80ден ашып калды. Кыздарга дайыма кеңеш берем. Турмушка шашылбагыла. Ден соолук даяр болгондо анан ойлонсонор дейм”, -деди Салима Курбанкулова.

Эрте жашта турмуш куруу ден соолука зыянын тийгизет. 18 жаш бойго жетүү курагы. Бирок 18 жашта да турмуш куруу эртелик кылат деп билдирди мед айым Айсалкын Осмоналиева.

“18 жаштан кийин ден соолугу жетилип, сөөктөрү бекемделип, физикалык жактан бала көтөргөнгө жарап калган учур болот. Ошондуктан медицина да эрте жаштан турмуш курууга каршы. Эрте жашта төрөгөн кыздар мурдагы жылдарга салыштырмалуу аз катталып жатат. Азыр 20-22 жаштагы кош бойлуу келиндер 90% түзөт. Калган 10% келиндер 18-19 жаштагыларды түзөт».

Мед айым Айсалкын Осмоналиева

Жашоодо өмүрлүк жар менен кесип тандоо жаңылбаш керек, себеби экөө тен олуттуу кадам деп өз оюн айтты Тешебай Исак уулу атындагы орто мектебинин класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу Назгүл Кыргызбаева.

«Жашоо бул узак жол. Ушул узак жолдо жар тандоо да келечекте бактылуу болууга бир кадам. Эрте жаштан курулган үй бүлө шашылыш чечим чыгаруудан курулат. Демек, жашы жетелек өспүрүм кыз кимдир бирөөлөрдүн таасирине, ынандыруусуна, азгыруусуна кабылышы мүмкүн. Ошондуктан кыз 20-25 жашында өз алдынча чечим кабыл ала турган мезгилде чыгуусу эң жакшы. Мектепте кыздарга дайыма тегерек стол, семинарларды өтүп жатканда эрте жашта турмуш куруунун кесепеттери тууралуу көп кеп кылабыз, түшүндүрөбүз. Ошол түшүндүрүүлөрдүн негизинде азыр эрте турмушка чыккан кыздар жокко эсе. Окугула, изденгиле, кесиптин ээси болуп, бутунарга тургула демекмин. Көз каранды эмес аял, эркин аял. Ал өз оюн эркин айтып, туура чечим кылат.»

Тешебай Исак уулу атындагы орто мектебинин класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу Назгүл Кыргызбаева

Статистикага таянсак, эрте жашта төрөгөн аялдардын жылдан жылга азайып жатканын көрсөк болот. Эрте жашта турмуш куруу маселеси ар бир үй бүлө, мектеп, медицина кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен токтото алабыз.

Гүлназ Камбарали кызы