Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылындагы шаркыратманын өзгөчө көрүнүшүн жергиликтүү тургундар тартып алган. Быйыл кыш суук болгондуктан, шаркыратманын 80% тоңуп, табияттын кооз көрүнүшүнө айланган деди Шохрух Мирзакаримов.
«Кар көп жаап, аба-ырайынын температурасы кескин төмөндөгөндүктөн шаркыратма тоңду. Жылда айланасы гана тоңсо, быйыл көп бөлүгүн муз каптап калды. Кооз көрүнүштү жергиликтүү тургундар Султанали Халмурзаев жана Оматилла Атакозиевдер тартып алган.
Гүлназ Камбарали кызы