“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Боз үйдөн башталган сооданы ири борборго айланткан айым

6 Январь 2023 жыл 17:46
Көрүүлөрдүн саны: 46

Базар-Коргон районунун Абдураимов айылындагы жолдун чекесиндеги чоң дүкөнгө кирген ар бир кардар жаркылдап тосуп алган Мукарам Сатыбалдиева менен кездешет. Ал ар бир күнүн өзүнүн соода борборунда өткөрөт. Жаңы жылга карата жасалгаланган чоң залда дүкөндүн кожейкеси кол алдындагы жумушчуларга көрсөтмө берип жаткан жеринен жолуктук.

Мукарам Сатыбалдиева азыркы учурда Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Абдураимов айылында жайгашкан соода борбордун жетекчиси болуп эмгектенип келет. Соода борбор 2018-жылы ачылган. Бизнесин жөнөкөй боз үйдөн баштап, азыркы учурда соода борборго айланткан ишкер, баарына өз күчү менен жетишкен. «Юрта» соода борборунун келип чыгыш тарыхын жетекчиси Сатыбалдиева айтып берди:

Мукарам Сатыбалдиева

«Бул “Юртанын” келип чыгышы менин идеям. Юрта деп мен ойлоп тапкам. Себеби, мен башында мындай чоң дүкөн эмес, аялдама үчүн курулган боз үйдүн ичинде соода кыла баштагам. Анда бир стол жана чай кофе сатат элем. Кышындасы боз үйдүн ичи суук болчу. Боз үй аялдамада болгондуктан соода жакшы болуп, тез эле акчам көбөйүп, боз үйдүн ордуна кичине дүкөн курдук. Андан кийин ушул чоң соода үйүн курганга жетиштим. Ал эми «Юрта» деген кыргызчада «боз үй» маанисин берип, заманбап болсун деп “Юрта” деп койдум. “Юрт” деген түрк тилинен алганда журт дегенди билдирет. Мына ошентип Юрта деп койдук аталышын. Иштетип жатам, кыйынчылык көп болот, бирок баарын жеңип алдыга кадам таштап келе жатабыз», -деди Сатыбалдиева.

Элге окшоп чоң шаарга көчүп кетип, ошол жактан ири соода борбор курсак деле болот болчу, бирок мен өзүмүн айылыма куруп, элди жумуш менен камсыз кылайын дедим. Башта 10-15 жумушчу иштесе азыр 29 жумушчуну иш менен камсыз кыла алдым.

«Бизнести алып барууда тообокелчиликтер, кыйынчылыктар көп болот. Бирде соода жакшы болсо, бирде болбой калат. Товардын сапаттусун алуу бул биринчи кезекте маанилүү болушу керек. Келген кардарга бумдарды сатып алууда ыңгайлуулукту жаратуу керек. Демек эл үчүн кызмат кылгандан кийин, суроо талаптарын аткаруу бизнестин ийгиликтүү болуусунун бир сыры»-деди ишкер айым Мукарам Сатыбалдиева.

Соода борбордун жумушчусу Нурила Базарбаеванын айтуусунда, жумушчулардын көбү аялдар.

«Мен Юртанын жумушчусу болом. Эки жылдан бери иштеп жатам. Айлык маянам да жакшы. 6 күн иштеп 1 күн эс алам. Мукарам Сатбалдиева дайыма түшүнүктүү, жумуштабы, үй бүлөдөбү кандай кыйындыктар жаралса дайыма чечкени жардам берет. Өтө жөнөкөй айым. Мага жумушум абдан жагат» -деди Базарбаева.

Нурила Базарбаева соода борбордо 2 жылдан бери иштеп келет

Абдураимов айылынын жашоочусу Төрөбек Акматов «Юрта» соода борборуна азык-түлүк алуу үчүн дайыма келет.

«Базарга баруу кары кишилер үчүн кыйын. Оор көтөрө албайм. Ошондуктан дайыма «Юртага» келем. Жылуу, ыңгайлуу, жумушчу кыздар сураганыңды тез таап берип, тейлөөсү да жакшы. Баасы кымбат эмес. Мукарам кызыма рахмат айтам. Элди ойлоп соода борборду ачты эле, борбор элге кызмат кылып жатат»-деди Төрөбек Акматов.

Юртанын кардары Төрөбек Акматов жубайы менен

Соода борборго биринчи жолу кирген Нурзат Татыкулова Биринчи май айылындагы Кең-Коо жеринен келген. Жумуштарым менен өтүп бара жатып кирип калдым деп сөзүн улады.
«Юртага мурда келген эмесмин. Баары бар экен. Абдан жагымдуу маанайда соода кылып жатам. Жаңы жылга карата ар түрдүү арзандатуулар бар экен. Өзүмө керектүү көп буюм алдым.»

Нурзат Татыкулова кардар

«Юрта» мурда боз үй болчу. Ал кезде биз студент элек. Дайыма чай, кофе ичет элем. Азыр мына чоң заманбап борборго айланды. Мында Мукарамдын күжүрмөн эмгеги көп.
Мен “Юрта”дүкөнүнөн дайыма соода кылам», -деди сатып алуучу.

Мукарам Сатыбалдиева дайыма кызматкерлери менен жакшы мамиледе. Маяналарын өз убагында берет. Юртадай чоң дүкөндү дагы эки жерде ачсам деп максат кылган.
Жалпы Абдураимов шаарында 8 миңден ашуун эл жашайт.

Гүлназ Камбарали кызы