“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Аудио: Бала тарбиялоодогу өзгөчөлүктөр

6 Январь 2023 жыл 1:03
Көрүүлөрдүн саны: 31

Бизде коомчулук көбүнчө стереотиптүү көз караштар менен жашайт-деп билдирди мектептин соц педагогу Зарина Самидинова.

«Туугандарыбыз эмне дейт эгер сен журналист болсон, андан көрө мугалимдикке эле оку, кайсы жакка турмушка чыксан ошол жерде мугалим болуп иштейсин дешет. Бирок бул туура эмес баланын өзүнүн каалоосуна коюу керек. Эл эмне дейт деген пикир менен балаңдын келечегине балта чаап алышын мүмкүн. Баланы тарбиялоодо Эл эмне дейт деген пикирден алыс болуу керек. Анткени бала сеники ага кандай тарбия берсен ал ошол бойдон чоноюп калыптанат. Дагы бизде «кыздай болуп үйдо отур, тегеректегилер эмне дейт, тигинин кызы кочодо эле журот дешет»- деп кызды көп тыйып келишет.

Кыздын деле укугу бар көчөдө басканга курбулары менен сейилдегенге. Чектөө коюу менен кыздардын өзүнө ишенбөөчүлүгүнө жол ачабыз. Кызгабы уулгабы татыктуу тарбия берүү үчүн аларды тен укуктуу жаран катары карап, жашоодо да ар түрдүү тоскоолдуктарга жеңе билген күчтүү инсандарды өстүрүшүбүз керек» -дейт соц педагог Зарина Самидинова.

Гүлназ Камбарали кызы