“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Уулкан Рысбаева: Жаңгак терүүдөгү түйшүк

27 Декабрь 2022 жыл 0:07
Көрүүлөрдүн саны: 38

Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаа айылында сентябрдан ноябрга чейин жаңгак терүү мезгили болот. Жаңгак терүү процесси да бир үй-бүлөнүн убактысын сарптайт. Эртеден кечке жаңгак күүп, терип жүрүп күн кечкиргенин билбей каласың. Бала чагыман жаңгак токоюнда өсүп, анын түйшүгүн жакшы билем. Бүгүнкү каарманыбыз Уулкан Рысбаева күзгү терген жаңгактан түшкөн кирешесин уулу Нуртилектин окуусуна бере турганын айтты.

«Уулум Нуртилек быйыл бүтүрүүчү класс. Жакшы окуу жайга тапшыруу үчүн жалпы республикалык тесттен белгиленген баллдан өтүшү керек. Ал үчүн атайын окуу борборлоруна барып даярданса дейм. Нуртилек Ошко барсам деп жатат. Айына окуусунан сырткары жашаганы, жол киреси болуп он беш миң сом сарпталат. Быйыл жаңгак жакшы болду. Жыйым-терим бүткөндөн кийин уулумду Ошко окууга жөнөтөм.

Жаңгак токоюн аралап, кайсыл жаңгак болгон, түшүмү көп деп карайм. Кээ бир жаңгактан бир кило деле жаңгак түшпөй калат. Ошондуктан карап, мөмөсү бар жаңгакты күүдүрөм. Жолдошум Хамраз күүйт, мен терем. Күзүндө токой сонун да. Токой аралап жүрүп түрдүү ойго батам. Неберелерим, кыздарымды эстеймин, кыялданамын.

Жаңгак ар түрдүү жерде өскөндүктөн, кээ бири түз жерде болсо, кээ бири ылдыйышта. Ылдыйдан жогору карап жаңгакты терип келе жатканда, жалбырактарды да шыпырып бараткандай сезилет.

Атайын мүшөктү көп алам. Азырактан салып жогору алып чыгам. Көк мезгилинде жаңгак оор болот.

Ылдыйышта бутак тосуп калганда жаңгактар топтолуп бир жерге үйүлүп калат. Анда терүү оңой.

Дарактардын, чытырман токойдун арасында терүү бир кыйла оор. Анткени терип жатканда тоскоол болот.

Быйыл күн ысык болуп жаңгактар карайып кетиптир. Мындай жаңгактын ичиндеги маңызы да карайып күйүп кетет. Көп жаңгактар ушинтип жараксыз болуп калды.

Жаңгак терип жүрүп убакыттын өткөнүн да байкабай калыпмын. Түш ооп, түштөнүү мезгили да өтүп кетиптир. Шашыла чатырыма келип түшкү тамакка кириштим. Жайлоодо колго урунган буюмдан үйгө керектүү буюм жасап алабыз. Желим бөтөлкөнү кол жуу үчүн колдонуп жүрөм. Ыңгайлуу.

Ал ортодо жолдошум да жаңгак күүп бүтүп түштөнүүгө келди. Куурдак жасай жалайын деп жаткан кезим. Айылда аш-той көп болуп, боорсок, татуулар жайлоого келип калат. Ысык-Көлдөн алып келген балыгыбыз менен түштөндүк.

Туштөнүп бүткөндөн кийин терип келген жаңгактарды көктөгөнү отурабыз(Жаңгактын сыртын тазалоо). Тез тазалап койбосок, күн ысыкта эзилип, карарып кетет. Жолдошум, уулум болуп, сүйлөшүп отуруп тез эле ишибизди бүтүрөбүз.

Даяр болгон жаңгакты күнгө жайып кургатабыз. Сата тургандарды өзүнчө, кышка кое тургандарды өзүнчө кургатып, мүшөктөргө салабыз, кышындасы жаңгактын баасы кымбатыраак болгондуктан, күздө сатпай турабыз. Кыйналып терген жаңгагыбыз, керегибизге жараса экен дейбиз.

Бул алачыкты сөрүнун үстүн бекитип, жаап алганбыз. Убактылуу жаңгак терип алганга болот.

Азыр жакшы ушундай чырактар менен отурабыз. Мурун керосин чырактар менен отурчуубуз. Кечинде от жагып, калган жаңгактарды көктөп тазалап, уйкуга киребиз. Кечке кыймылдап жүрүп чарчагандыктан бат эле уйкуга батам.

Биз жаңгак терип эле тим болбостон, жаңгак өстүрөбүз. Жаңгак терип бүткөндөн кийин атайын жерлерге жаңгакты көмүп коебуз. Буйруса жазда көчөт болуп чыгат. Жаңгак ата-бабаларыбыздан бери терилип келе жатат. Анын элге берген байлыгы ченелгис. Эл жөн эле токойго барып, терип, сатып же тамак-ашка колдонушат. Ден-соолукка да пайдалуу.

Уулкан Рысбаева жаңгактан тапкан кирешеси жылына 100 миңден ашык болорун айтып, аны үй бүлөлүк кирешеге оң таасирин берип, көп нерсеге жарап жатканын баса белгиледи.

Ооган-Талаа айылында 100 гектарга жакын жаңгак токою жайгашкан. Андан миңдеген эл киреше табат.

Гүлназ Камбарали кызы

Бул материал “Сорос-Кыргызстан” Фондунун колдоосу менен IDEA CA тарабынан ишке ашырылган MediaJasa долбоорунун алкагында жаралды. Бул материал акысыз көчүрүүгө, иштетүүгө жана каалаган чөйрөдө жана автордун атын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен каалаган форматта, анын ичинде коммерциялык максатта жеткиликтүү. Бул материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана IDEA CA жана “Сорос-Кыргызстан” Фондунун көз карашын чагылдырбайт.