Базар-Коргон шаарына караштуу N 11 М.Алыкулов атындагы орто мектебинде Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин «Жаны жылдык балаты» майрамы болуп өттү.
Жаңы жылдык балаты майрамына райондогу 100 үй бүлөдөн жакшы окуган балдар келип катышты. Балдарды райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Джанысак Сатыбалдиев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев куттуктап, белектерди тапшырды.
Жаңы жылдык иш-чара сахналаштырылган жомок, оюн-зооктор, ыр, бий менен коштолуп, бөбөктөргө майрамдык маанай тартууланды.
Сабина Кылычбекова