“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Депутат айым айылына бакча ачты

25 Декабрь 2022 жыл 19:02
Көрүүлөрдүн саны: 34

Чкалов айылында бала бакча маселеси курч болгон. Бакча маселесин депутат Нуржамал Камилжан кызы чечип, 50 орунду балдар бакчасын ачкан.

Нуржамал Камилжан кызы Чкалов айылынан шайланып келген депутат. Анын айтымында мындан мурда аталган айылдан аял депуттатар чыккан эмес. Өзүнүн депутаттык ишинде айылга көптөгөн иштерди жасап, айылдагы көйгөйлөрдү дайыма отурумда көтөрүп жатканын билдирди.
“Айылыма депутат болгондон бери көчөнүн ылай-баткагын көрүп, жолдошум менен кеңешип, үй-бүлөлүк кирешебизден Өзгөнөв Сайдилла көчөсүнө майда таш төктүрдүк. Жалпы 6 миң сом болду. Бул менин айылыма жасаган алгачкы жардамым болчу.”

Чкалов айылында 3миңден ашуун эл жашап, балдарга бала бакча болгон эмес. Унаасы бар тургундар балдарын коңшу айылдагы балдар бакчасына алып барышкан. Бирок Көк-Тонду айылындагы бакчага үч айылдан келген балдар менен толгон. Бакчага балдарын бере албаган жарандар маселени көтөрүп депутат Нуржамал Камилжан кызына кайрылып, ал көйгөйдү эски имаратты оңдоп, бакча ачууну ойлонгон.
2019-жылдан тарта мектептин директору болуп иштеген Нуржамал эми айылдык көйгөйлөрдү чечүүгө киришти.

“Биринчи кезекте бакчаны чечейин деп жылуулук системасын, эски имараттын чатырын оңдоону “Өнүктүрүү фонду” аркылуу долбоорго өткөрүп, Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов менен кеңешип, көрсөткөн жолдорун аткардым. Чкалов айылы Могол айыл өкмөтүнө баш ийгендиктен өкмөт менен түздөн-түз иш алып бардым. Бакчаны ачтым. Бакчаны иштетип жатканда көп кыйынчылыктар болду. Нары карап ыйлап, бери карап күлүп жүрдүм”.

Нуржамал Камилжан кызы бакчаны ачам деп жатканда пандемия башталып, бакча ачылбай туруп калган. Пандемия басаңдаганда бакчаны ачкан. Элдин, айыл өкмөттүн жардамы менен бүткөрүлүп ишке берилип, азыркы күндө 50дөн ашуун бала тарбияланып жатканын айтты.

“Бакча жылуу, бүт шарты бар. Элдин арасында көп сын-пикирлер айтылды. Баарын көтөрдүм. Ишимди улантып жаттым. Бакчанын ашканасына келгенде акча жок туруп калдым. Анда кайним менен сүйлөшүп жүз миң сом акчага демөөрчүлүк кылуусун өтүндүм. Ал макул болуп акчаны которду. Ошентип ашкана бүтүп, шарттар түзүлдү.
Мектептин чатыры эскилиги жеткендигине байланыштуу өнүктүрүү фонду аркылуу алмаштырууга жетиштим. Жылуулук жакшы болуп, балдардын билим алуусуна көмөктөшүп жатам. Ата-энелер менен иш алып барып, депутат катары милдетим деп аткарып, көп өзгөртүү киргиздим. Айыл элинен ыраазычылык угуп жатам.

Нуржамал Камилжан кызына эл көп кайрылат. Алардын айткандарын жергиликтүү кеңештин сессиясында көтөрүп чыгып, анын чечилүүсүнө көмөктөшүп жатат.
“Азыркы күндө Өнүктүрүү фондуна дагы бир долбоор өткөрдүм. Жаңы мектеп куруу боюнча. Буйруса депутаттык мөөнөтүм бүткөнчө ушул мектепти бүтүрсөм дейм. Мен элиме ыраазымын. Дайыма мени колдошот. Жергиликтүү кеңештин депутаттары менен мамилебиз жакшы. Жалпы жети аял депутатпыз. Сессияда биздин үнүбүздү, кайрылуубузду угушат. Эч качан силер аялсынар деп бизди четке каккан учурлар болгон жок. Аял депутаттар социалдык маселелерди көп көтөрүп чыгабыз. Алардын чечилишине жалпы депутаттар көмөк көрсөтүшөт.”

Жергиликтүү кеңештин төрагасы Абдиллаким Мамарасулов. Аялдардын жергиликтүү кеңеште болуусу маанилүү экендигин билдирди.

Сессия учурунда. Кадича Жумабаева көйгөйдү айтып жаткан учурда

“Жергиликтүү кеңеште аялдардын ролу чоң десем жаңылышпайм. Аймак ичиндеги бала бакча, мектептердин абалын текшерүүдө да кылдаттык менен мамиле жасап, тамактардын жасалуусу, тазалыгы, жылуулугун көзөмөлдөшөт. Аял депутаттар дайыма өз көз караштарын эркин айтып, талашып, маселени чечип жатышат”.

Таалай Кошалиев Ооган-Талаа айылынын тургуну. Анын айтымында жергиликтүү кеңеште мурда бир эле аял депутат бар болчу
“Дайыма шайлоодо ошол депутатты шайлачумун. Анткени маселени туура көтөрүп, көп иштерди жасап келет. Жергиликтүү кеңеште аялдардын көп болгону жакшы”.

Гүлназ Камбарали кызы