“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргон: Мектеп директорлорунун семинары өттү

23 Декабрь 2022 жыл 13:59
Көрүүлөрдүн саны: 76

2022-жылдын 23-декабрь күнү Кеңеш айыл аймагындагы Капарбек атындагы орто мектебинде Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу 69 мектептин директорлоруна семинар болуп өттү.

Базар-Коргон районунун башчысы Сопубек Сариев

Семинарда:
— Иш кагаздарын мамлекеттик тилдин мыйзамын аткарууга алып иш жүргүзүү боюнча практикалык көнүгүүлөр аткарылды;
-Азыркы учурга ылайык мугалимдердин онлайн сабактарына кирип анализ жүргүзүлдү;


-Жалпы семинарда мамлекеттик тилдин мыйзамын аткарууга алуу менен иш кагаздарын жүргүзүү #120 Токтомду ишке ашыруу боюнча слайддар менен көргөзүлүп презентацияланды.


Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сариев Сопубек Камалович сапаттуу билим берүүнү жолго коюп, мыкты көрсөткүч менен иш алып барууну мектеп жетекчилерине тапшырма берди.


— Райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Ж. Камбаралиева, Окуу усулдук кабинетинин башчысы Жаркын Маматова, усулчу АнарбекМусалиев семинарда мектеп жетекчилери үчүн, учурдун талабына ылайык маалыматтар менен иштешти.


-Мектеп директорлорунун секциялык башчысы #1 Макаренко атындагы гимназия мектебинин директору Кахаров Парпибай Кахарович семинарды мыкты багыттап жана сунуштарды айтып кетти.

Макаренко атындагы гимназия мектебинин директору Парпибай Кахаров

-Келген жетекчилер #12 Капарбек атындагы орто мектебинин мектеп шартындагы тарых музейи менен таанышып, тарых мугалими Саипов Рыскул, Ташболотов Байыш агайлардын эмгегине күбө болушту.

Семинар эң пайдалуу, учурдун талабына ылайык болду, өзгөчө сынактын талабы менен өткөн жаңы директорлор үчүн усулдук жардам болду.

Жаркын Маматова