“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Могол-Коргондо бала бакча ачылды

22 Декабрь 2022 жыл 19:41
Көрүүлөрдүн саны: 36

Бүгүн, 2022-жылдын 22-декабрь күнү Кеңеш айыл аймагына караштуу Могол-Коргон айылында 50 орунду «Керемет» мектепке чейин билим берүү уюму ачылды.


Аталган бала бакчанын имараты союз мезгилинен калган Энгельс колхозунун имараты эле. Айыл аймак тарабынан ондоп түзөө иштери жүргүзүлүп, пайдаланууга берилди.


Имаратты оңдоо иштерине жалпы 7 000 000 сом сарпталып, анын ичинен элдик салым 1 000 000 сом, жергиликтүү бюджет 5 000 000 сомдү түзгөн.


Бала бакчанын ачуу аземине Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Джанысак Сатыбалдиев, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Сопубек Сариев, Кеңеш айыл аймагынын башчысы М.Алкадыров, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Джанысак Сатыбалдиевдин демилгеси менен бак тигилди.

Айбарчын Сабиржанова