“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Электр тармактар ишканасы жаңы имараттуу болду

22 Декабрь 2022 жыл 19:32
Көрүүлөрдүн саны: 40

Бүгүн, 2022-жылдын 21-декабрь күнү Базар-Коргон райондук электр тармактар ишканасынын Ачы бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү.


Ачы бөлүмү Кызыл-Үнкүр, Арстанбап, Талдуу-Булак жана Могол айыл аймактарыны электр жарыгы менен камсыз кылып, жалпы 8 150 абоненттерди тейлейт.


Жаңы имараттын курулуш иштерине жалпы 4 400 000 сом каржыланды.


Ачуу аземине Базар-Коргон райондук мамлекетик администрациясынын башчысы-аким Джанысак Сатыбалдиев, Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын жетекчиси А.Паизов, Базар-Коргон электр тармактар ишканасынын жетекчиси К.Жумаев, Могол айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукулов, жергиликтүү тургундар катышышты.

Аталган электр тармактарынын эсепчиси Кыялбек Эршегов мурдагы имарат эскилигине жетип, урап, авариялык абалда болгондуктан бузулганын айтты.

«Эски имарат авариялык абалда болуп, бизди башка убактылуу имаратка көчүрүп, аз убакыттын ичинде имарат тургузуп, ремонттоп мына бүгүн ачылыш аземин өткөрдүк. Мурункуга салыштырмалуу азыркы имарат ыңгайлуу, бардык шарт бар».

Сабина Кылычбекова