“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Сынак: Токто ВИЧ СПИД

30 Ноябрь 2022 жыл 20:30
Көрүүлөрдүн саны: 29

2022-жылдын 30-ноябрь күнү Базар-Коргон шаарындагы  Макаренко, Бабур, Бөкөнбаев гимназия мектептеринин ортосунда 1-декабрь бүткүл дүйнөлүк Спидге күрөшүү күнүнө карата «Токто Вич Спид» аталышындагы мотивация берген сынак болуп өттү.

Сынакка Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Асель Сансызбаева, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, «Кызыл — Ай» коомунун адистери катышып, калыс болушуп, тайпаларга кызыктыруучу сыйлыктарды тапшырышты.

Ар кандай упай алганына карабастан сынак аягында 3 мектептин упайы 163 болуп, достук маанай менен аяктады.
Кыргызстанда гана эмес дүйнөдө Вич Спид токтосун, ден соолук болсун, жашоо жарык, айланада бала күлкүсү гана жаңырсын.

Жаркын Маматова