“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Депутат айым айылына бакча ачты

25 Ноябрь 2022 жыл 14:57
Көрүүлөрдүн саны: 32

Чкалов айылында бала бакча маселеси курч болгон. Бакча маселесин депутат Нуржамал Камилжан кызы чечип, 50 орунду балдар бакчасын ачкан.

Нуржамал Камилжан кызы Чкалов айылынан шайланып келген айым депутат. Анын айтымында мындан мурда аталган айылдан аял депуттатар чыккан эмес. Өзүнүн депутаттык ишинде айылга көптөгөн иштерди жасап, социалдык маселелерди дайыма отурумда көтөрүп жатканын билдирди.

Айылыма депутат болгондон бери көчөнүн ылай-баткагын көрүп, жолдошум менен кеңешип, үй-бүлөлүк кирешебизден Өзгөнөв Сайдилла көчөсүнө майда таш төктүрдүк. Жалпы 6 миң сом болду. Бул менин айылыма жасаган алгачкы жардамым болчу.
“Жолдо келе жатсам Чкалов эли балдар бакчасынын жоктугун айтып, коңшу айылдагы балдар бакчасына барышса албай жатканын айтышты. Бакчанын жетекчисине барып, эмне үчүн албай жатканын тактадым. Көк-Тонду айылындагы бул бакчага төрт айылдын балдары келип, бош орун жоктугун түшүндүрдү. Өзүнөрдүн элинердин колунда бар, өзүнөр эле ачып албайсынарбы деген сөзү мени ойлондурду. Мектепте эски корпус бар болчу. Ошол жерге кирип, кайра чыгып ойлонуп кандай кылганда бакча ача алам деп ойлондум. Элди чогултуп чогулуш кылдым. Кандай бакча болмок эски имарат, ача албайсын деп күлүшкөндөр да болду. Бтрок ага карабастан кароолчу менен полдорун ачып, оңдодук. Андан кийин жергиликтүү кеңештин депутаттарына кайрылдым. Жылуулук, ыңгайлуулук болуусу керек экен. Жаңы ачылган бакчаларга барып, алар менен кеңештим, издендим.”
2019-жылы мартта мектепке директор болуп, күзгө барып жергиликтүү кеңешке депутат болгон Нуржамал Камижан кызы депутат болгон күндөн баштап мектептин, айылдын көйгөйлөрүн козгоп чыгышым керек деди.
“Биринчи кезекте бакчаны чечейин деп жылуулук системасын, эски имараттын чатырын ондоону “Өнүктүрүү фонду” аркылуу долбоорго өткөрүп, Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов менен кеңешип, көрсөткөн жолдорун аткардым. Чкалов айыл эли айыл өкмөткө баш ийгендиктен өкмөт менен түздөн-түз иш алып бардым. Бакчаны ачтым. Бакчаны иштетип жатканда көп кыйынчылыктар болду. Нары карап ыйлап, бери карап күлүп жүрдүм”.
Нуржамал Камилжан кызы бакчаны ачам деп жатканда пандемия башталып, бакча ачылбай туруп калган. Пандемия басаңдаганда бакчаны ачкан. Элдин, айыл өкмөттүн жардамы менен бүткөрүлүп ишке берилип, азыркы күндө 50дөн ашуун бала тарбияланып жатканын айтты.

“Бакча жылуу, бүт шарты бар. Элдин арасында көп сын-пикирлер айтылды. Баарын көтөрдүм. Ишимди улантып жаттым. Бакчанын ашканасына келгенде акча жок туруп калдым. Анда кайним менен суйлөшүп жүз миң сом акчага демөөрчүлүк кылуусун өтүндүм.Ал макул болуп акчаны которду. Ошентип ашкана бүтүп, шарттар түзүлдү.
Мектептин чатыры эскилиги жеткендигине байланыштуу өнүктүрүү фонду аркылуу алмаштырууга жетиштим. Жылуулук жакшы болуп, балдардын билим алуусуна көмөктөшүп жатам. Ата-энелер менен иш алып барып, депутат катары милдетим деп аткарып, көп өзгөрүү киргиздим. Айыл элинен ыраазычылык угуп жатам.

Нуржамал Камилжан кызына элдер көп кайрылат. Алардын айткандарын жергиликтүү кеңештин сессиясында көтөрүп чыгып, анын чечилүүсүнө көмөктөшүп жатат.
“Азыркы күндө Өнүктүрүү фондуна дагы бир долбоор өткөрдүм. Жаңы мектеп куруу боюнча. Буйруса депутаттык мөөнөтүм бүткөнчө ушул мектепти бутүрсөм дейм. Мен элиме ыраазымын. Дайыма мени колдошот. Жергиликтүү кеңештин депутаттары менен мамилебиз жакшы. Жалпы жети аял депутатпыз. Сессияда биздин үнүбүздү, кайрылуубузду угушат. Эч качан силер аялсынар деп бизди четке каккан учурлар болгон жок. Аял депутаттар социалдык маселелерди көп көтөрүп чыгабыз. Алардын чечилишине жалпы депутаттар көмөк көрсөтүшөт.”

Жергиликтүү кеңештин төрагасы Абдиллаким Мамарасулов

Жергиликтүү кеңештин төрагасы Абдиллаким Мамарасулов аялдардын жергиликтүү кеңеште болуусу маанилүү экендигин билдирди.
“Бирок аялдар ролу чоңурак десем жаңылышпайм. Анткени алар ички маселелерди көп чечүүгө көмөктөшөт. Аймак ичиндеги бала бакча, мектептердин абалын текшерүүдө да кылдаттык менен мамиле жасап, тамактардын жасалуусу, тазалыгы, жылуулугун көзөмөлдөшөт. Аял депутаттар дайыма өз көз караштарын эркин айтып, талашып, маселени чечип жатышат”.

Таалай Кошалиев Ооган-Талаа айылынын тургуну

Таалай Кошалиев Ооган-Талаа айылынын тургуну анын айтымында жергиликтүү кеңеште мурда бир эле аял депутат бар болчу деди.
“Дайыма шайлоодо ошол депутатты шайлачумун. Анткени маселени туура көтөрүп, көп иштерди жасап келет. Жергиликтүү кеңеште аялдардын көп болгону жакшы”.

Гулназ Камбарали кызы