“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргондо биринчи жолу сүрөт көргөзмөсү өттү

14 Ноябрь 2022 жыл 0:40
Көрүүлөрдүн саны: 51

Базар-Коргон шаарында болуп өткөн «Жаңгак фестивалында» Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы Гүлназ Камбарали кызынын «Тоолор жана айымдар» аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болду.

Бүгүн Базар-Коргон районунда “Жашыл экономика–өнүгүүгө өбөлгө” аталышындагы Жаңгак фестивалы өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район акими Жанысак Сатыбалдиев, Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) өкүлдөрү, Сорос Кыргызстан фондунан Тынымгүл Эшиева, IDEA_CA уюмунан Саида Нуралиева, Азат Ибраевдер, токой чарба кызматкерлери жана район тургундары катышты.

Фестивал калктын жаңгак токойлорунун өзгөчөлүгү, көп түрдүүлүгү жана аларды коргоонун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга багытталган. Фестивалдын алкагында Гүлназ Камбарали кызынын “Тоолор жана аялдар” темасында сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы, мектеп окуучулары менен токой чарба өкүлдөрүнөн түзүлгөн командалардын арасында дебат оюну, “Токойлорду коргоодо кызматташтык жана лидерлик” темасындагы конференция өттү. Ага катар жаңгак жана башка азыктар коюлган жарманке уюштурулду.

«Мен «Медиа Жаса» долбооруна катышып жатып, өзүмдүн районумда сүрөт көргөзмөсүн уюштурсам дегем. Менин максатын орундалып, көргөзмөм бүгүн элдин алдына коюлду. Негизи беш долбоор жасадым. Алар аялдарга байланыштуу, алардын жашоосу, бала тарбиялоосу, бизнес жасаган айымдар тууралуу болду. Албетте долбоорду ишке ашырууга менторум Гулжан Турдубаеванын эмгеги зор. Сүрөт тартуу менин хоббим болчу. Аны кантип туура тартуу керек, сүрөт баянды кантип жазганда окурманга кызыктуу болоорун үйрөттү. Сүрөттөрдү тартууда көп кыйынчылыктар болду. Баардык эле жайлоочулар сүрөткө түшүүнү каалаган жок. Ага карабай, ар бир малчынын боз үйүнө баш багып, суранып, алардын тагдыры, жашоосу тууралуу маектештим»-деди Камбарали кызы.

Ар бир каарманым менин сүрөттөрүмдө эле калбастан алардын жашоосу, балдары жүрөгүмдө калды деп сөзүн улады Гүлназ Камбарали кызы

«Сүрөт тартып жүргөндө мени өзгөчө таң калтырган жайлоо балдар бакчасы болду. Анткени аны ыктыярчы 17-18 жаштагы кыздар уюштурган. Алардын келечек муундарга кыргыз салттарын, оюндарын, жомокторун үйрөткөнү ыктыярчылардын Мекенин канчалык сүйөрүн далилдейт. Назгүл айым өзгөчө меймандостугу менен менин эсимде калды. Ал жөнөкөй, мээримдүү аял, сүйүктүү жар, балдарынын билимин баарынан жогору койгон айым болду. Аны менен маектешип отурганда анын көздөрүндөгү үмүттү байкадым. Ошол сезимдерди сүрөтө түшүрүп бере алдым. Анткени Назгүл айым тууралуу сүрөт баян чыкканда социалдык тармакта көп жакшы сөздөр жазылды.»

Арстанбаптын символуна айланган жаңгак терүүдө да өзгөчө аялдын ролу чоң. Мен да токойдо жаңгак терем. Керелден кечке эңкейип жаңгак терип, аны тазалап, ошол эле убакта тамак жасап жетишүү керек. «Жаңгак жана аял» деп аталган сүрөт баянымда, аялдар токойго кантип кам көрөт, кантип жаңгак терип, кирешесин көбөйткөнү тууралуу болду. Ар бир сүрөт баяным «Жамааттык медиа» аркылуу жарыяланып, социалдык баракчаларга чыгарылды.

«Негизи менин сүрөт көргөзмө уюштуруума себепкер болгон Медиа Жаса долбооруна, Сорос Кыргызстан, IDEA_CA фондуна ыраазычылык билдирем. Жөнөкөй мугалим болгонума карабай, ишеним көргөзүп, менин журналисттик кесибимдеги дагы бир тепкичи болгон, сүрөт баян жасоону үйрөткөнүнө, ар бир макаланы чыгарып, аны бөлүшүп, колдоо көрсөткөнү үчүн Жамааттык медианын жалпы жамаатына, Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясына, GIZ уюмунун адиси Гулайым Шигайбаевага рахмат айтам. Менин көргөзмөм Арстанбапта, Жалал-Абад шаарында да коюлат.»-деди Гүлназ Камбарали кызы.

Сабина Кылычбекова