“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Мектеп жетекчилери окуудан өттү

4 Ноябрь 2022 жыл 0:53
Көрүүлөрдүн саны: 40

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору 1686 мектептин жетекчилигин башталгыч класстардын мугалимдерине усулдук колдоо көрсөтүү боюнча окутту.

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев

2022-жылдын 1-3-ноябрында USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташтыкта 3500 максаттуу мектептердин директорлору, башталгыч класстар боюнча окуу бөлүмүнүн башчылары, мектептин усулдук бирикмелеринин жетекчилери, райББ/шаарББ жетекчилери жана методисттери үчүн башталгыч класстардын мугалимдерине натыйжалуу усулдук колдоо көрсөтүү боюнча «Мугалимдерге усулдук колдоо көрсөтүүнү уюштуруу» атуу 3 күндүк семинар-тренингди өткөрдү.

Мугалимдер окуу учурунда

Анын ичинде Жалал-Абад областы боюнча 356 мектеби камтылып, 816 мектеп администрациясы окутуудан өткөн.

Райондук окуу усулдук кабинетинин башчысы, улуттук тренер Жаркын Маматова

Бул окутуу билим берүүнү башкаруу тармагында райондук жана шаардык деңгээлдердеги жетекчилердин, мектеп директорлорунун жана окуу бөлүм башчыларынын маалымдуулугун жогорулатуу жана усулдук ишке тартылышын күчөтүү жана долбоордун натыйжалары билим берүү тутумунда туруктуу орношу үчүн жүргүзүлгөн.

Окутуу учуру

Тренингдин катышуучулары математика боюнча башталгыч класстардын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу программасы жана бардык деңгээлдерде усулдук колдоону уюштуруу боюнча жаңы ыкмалар менен таанышты.


Буга чейин башталгыч класстардын мугалимдерине усулдук колдоо көрсөтүү максатында USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору калыптандыруучу баалоо жүргүзүү үчүн BaalooApp тиркемесин жана сабакка байкоо жүргүзүү боюнча SabakApp тиркемесин иштеп чыккан.

Бул тиркемелерди бүгүнкү күндө мектеп мугалимдери, окуу бөлүм башчылары жана РайББ/ШаарББ методисттери колдонуп келет. Семинар-тренингге катышкандан кийин катышуучулар жогоруда аталган тиркемелерди колдонуунун артыкчылыктары, ошондой эле башталгыч класстардын окуучуларынын негизги окуу жана математикалык көндүмдөрүн жакшыртууга багытталган окутуу стратегиялары менен тереңирээк таанышты.
USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору Кыргыз Республикасында башталгыч класстарда окуган 300 000 окуучунун окуу жана математика боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 1 686 максаттуу мектепте ишке ашырылууда.

Республиканын башка райондорунун катарында Базар-Коргон районундагы Бабур гимназия мектебинде 1-ноябрь күнү мектеп директорлоруна, 1-2-3-ноябрь күндөрү башталгыч класстардын окуу бөлүм башчыларына жана башталгычтардын усулдук бирикме жетекчилеринин тренинги болду.

Жаркын Маматова, Гүлназ Камбарали кызы