“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Жумагүл Абдыкаим кызы: “Жайлоодон тапкан бакытым”

2 Ноябрь 2022 жыл 21:17
Көрүүлөрдүн саны: 28

Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айылынан 140 чакырым алыста жайгашкан Рават жайлоосунда мал жайган жайлоочулардын бири — Жумагүл Абдыкаим кызы. Ал азыр колундагы 2 айлык бөбөгү менен мөңгүсү кете элек тоо алдында жайлоодо турат.

Жумагүл жайлоого чыкканына быйыл 13 жыл болду. Жолдошу Улук Базаркулов менен дал ушул жайлоодо таанышышкан.
“Биз, жаштар топтолуп, ак чөлмөк оюнун ойночубуз. Ошондо Улук менен жолугушуп, чогуу ойноп жүрдүк. Бара-бара достугубуз сүйүүгө айланып, баш коштук. Жолдошум экөөбүз дайыма биргеликте иш кылабыз. Менин жайлоодон тапкан бактым болду. Улук мен уй саап жетишпей жатканда, өзү дагы отура калып саап кирет. Уйларды айдап келип, музоосун салат.”

Жумагүл Абдыкаим кызы жылдагыдай эле жайлоодо өзүнүн уйларын кошкондо 30дан ашуун уй саады.
“Негизи бир туугандардын эле уйларын алып чыгабыз. Өзүбүздүн 8 саан да бар. Башка жайлоочулардай ар бир уйга 1000 сомдон алып бакпайбыз. Багып берген акыбыз — сары майы менен куруту.”

Жумагүл жайлоого 2 айлык кызы менен чыккан. Кызы дайыма бешикте уктайт. Түнү суук болгондуктан, бешиктин үстүнө да жууркан жаап коёт. Уйларын саап болгондон кийин кызын тойгузуп, сүт тартууга киришет.

Жумагүлдүн улуу кызы Таңшоола апасына кол кабыш кылганга кадимкидей жарап калды. Таңшоола азыр 12 жашта. Жайлоо балдар бакчасына барып, ал жерде ырдаганды жакшы көрөт. Апасына жардам берип, сүт да тартат.

Таңшоола жылуу, жаңы тартылган каймакты жегенди жакшы көрөт. Тартып жатканда эле нан менен каймак жеп, тоюп алат.

Чатырдын бир тарабында сүт тартылып жатса, экинчи тарабында Улук балдарына менен чай берип жатат.
“Жайлоодо телефон тартпайт, бирок айылга түшкөндө балдарыма бөбөктөрдүн жомокторун, ырларды көчүрүп алам. Балдарым зериккенде коюп берем. Кызыгып угушат. Телефонду күн энергиясы менен кубаттап турам. Күн батареясын мындан 3 жыл мурун алган элем. Кечинде жарыкка жана телефон кубатоо үчүн иштетем”, — дейт Улук Базаркулов.

Таңкы тамактан кийин Жумагүлдүн уулу Нурэлестин милдети — музоолорду айдап келүү. Демейде баш бербеген музоолор Нурэлести сүйрөп кеткен учурлар да көп болот.

Музоолорду айдап коюп аларды дүрбү менен карайт.
“Мен мектепте Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” чыгармасын окугам. Ошол Нургазыга окшоп, дүрбү менен чартарапка көз салганды жакшы көрөм. Дүрбү дайыма менин мойнумда илинүү жүрөт”, — дейт Нурэлес.

Ташка чыгып алып, өзүн Нургазыдай элестеткен Нурэлес ойноп жүрүп да музоолоруна дүрбү салып турат.

Улуктун жарган отундарын кызы Таңшоола дароо ташый баштады.
“Атам даярдап койгон отундарды чатырга ташыйм. Себеби жамгыр жааса, суу болот. Сүт ысытканы, тамак жасаганы отун керектелет. Күнүнө 60-70 литр сүт ысытып, тартабыз”, — дейт ал.

Үч-төрт күндө бир сары май сызгырган Жумагүл жайдын аптап күнүндө да оттун алдында сары май сызгырды. Сары майды куюп алгандан кийин, чөбөгөсүн муздатып куюп алат. Аны жолдошу базарга алып барып, килосун 500-550 сомдон сатып келет.
“Биздин жайлоодогу негизги тамак-ашыбызга чөбөгө сатып жумшайбыз. Сары май менен курутту кышындасы сатабыз. Анткени азыр баасы арзан”, — дейт ал.

Чатырдын алдынан агып өткөн дарыядан суу алышат. Жумагүл мөңгүнүн таштан ташка урунуп, бышкан суусу ден соолукка пайда деп эсептейт.

Жайлоодо муздаткыч жок болгондуктан, этти илгеркидей ыштоо жолу менен катырып алышат.

“Улук дайыма кой союп, ыштап коёт. Ышталган эт даамдуу эмеспи. Тамак жасаганда да өзгөчө даам берет. Жашообуз жайлоо менен байланышкандыктан, жайлоонун түйшүгү деле билинбейт. Бешинчи кызым Маржананы төрөп эле, эки айдан кийин жайлоого чыгып кеттим. Мал менен болуп, төрөттөн кийинки депрессия, кыйналууну деле байкабайм. Негизи мага жайлоо күч, дем берет. Таза абада балдарымдын да ден соолугу чың, таза айран, кымыз, каймак жеп чоңоюп жатышат. Менин бакытым — балдарым. Балдарың жана жолдошуң жаныңда болсо, ошол бакыт. Ал эми сен шаарда жашайсыңбы же айылдабы, жайлоодобу, ал чоң мааниге эмес. Мен — бактылуумун. Анткени менин жолдошум, балдарым мени менен!”

Гүлназ Камбарали кызы

Бул материал “Сорос-Кыргызстан” Фондунун колдоосу менен IDEA CA тарабынан ишке ашырылган MediaJasa долбоорунун алкагында жаралды. Бул материал акысыз көчүрүүгө, иштетүүгө жана каалаган чөйрөдө жана автордун атын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен каалаган форматта, анын ичинде коммерциялык максатта жеткиликтүү. Бул материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана IDEA CA жана “Сорос-Кыргызстан” Фондунун көз карашын чагылдырбайт.