“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Сүрөтбаян: Ыктыярчылар уюштурган жайлоо балдар бакчасы

13 Август 2022 жыл 14:12
Көрүүлөрдүн саны: 110

Рават жайлоосу Кызыл-Үңкүр айылынан 140 км алыстыкта жайгашкан. Ага жалпы 100дөн ашуун малчы отурукташкан. Жайлоочулардын жашоосу маалым болгондой эртең мененки саат 5тен кечке чейин мал менен алек.

«2018-жылы Рават жайлоосунда биринчи жолу «Жайлоо балдар бакчасы» уюшулган. Долбоордун негизинде Роза Отунбаеванын колдоосу менен бир ай малчылардын балдары бакчага барышкан. Кийинки жылдары Рават жайлоосуна бакча уюштурулбай калган, дайыма жайлоого чыккан айымдар биригип, жайлоо балдар бакчасын ачалы дедим. Анткени эки жыл мурун уюшулган бакчага балдарым барып көп билим алышкан. Менин да үч кызым жайлоодо бакчага барса деп ойлондум»,-деп билдирди Назгүл Керимкулова.

 

 

Назгүл Керимкулованын кичүү кызы Асема жайлоо балдар бакчасынын эң кичине тарбиялануучусу Бакча Назгүл Керимкулованын үйүндө. Ага Кызыл-Үнкүрдөн ыктыярчы Фатима Айдарбекова жана Айданек Курманкуловалар тарбиячы болуп келишет.

«Жайлоо балдар бакчасынын ачылганын курбум айтты. Анан биз да Айданек экөөбүз кеңешип ыктыярчы тарбиячы бололу дедик. Анткени биз да жайлоодо чоңойгонбуз. Жайлоодо балдар демейде бош болот. Ата-энеси мал менен убара. Ошондон улам биз балдарды алаксытуу, аларга ар түрдүү кыргыздын улуттук оюндарын үйрөтөлү дедик», -Фатима Айдарбекова.

 

Айданек Курманкулова ыктыярчы: Биринчи эле балдар келгенче чатырды тазалап, даярдайбыз. Андан соң балдар келип, сабактар башталат. Ручка, калем, альбом алганга шарт жок. Ошондуктан биз оюндар, оозеки чыгармачылык менен үйрөтөбүз. Жерге эле отуруп, сабак өтөбүз. Балдар үчүн ыңгайлуу болсун деп аларды чектебейбиз. Отуруп, жатып, ойноп уга беришет.

 

Жайлоо балдар бакчасына алыс жайлоолордон эшек менен келишет.


«Жайлоо балдар бакчасында балдар оюндардан сырткары жомокторду угушат. Жомок ооздон-оозго өткөн жанр болгондуктан оозеки айтып берип, балдардын эске тутуу жөндөмүн өнүктүрүүдөбүз. Биз жомок айтып беребиз. Балдар кунт коюп угушат. Жомок бүткөндөн кийин суроо жооп болот. Анда балдар бири-бирине жомоктогу болгон окуяларды баяндашат. Жомок угуп жатканда балдар ар бир каарманды элестетишет. Алардын каарман кайгырганда кайгырып, ыйлаганда ыйлагысы келип, кубанганда кубанып, жымыңдап жаткан эмоцияларынан көрөбүз»,- деди Фатима Айдарбекова.

«Кыргыз улуттук оюну болгон «Шакек салмай» оюнун балдар аябай жакшы көрүшөт. Анын эрежеси боюнча оюнчулар эки алаканын бириктирип, колун тизесине коюп, тегерете отурат. Оюн баштаган киши шакек салгандай түр көрсөтүп, отургандарды кыдырып чыгат (чындыгында шакекти бир оюнчуга гана берет). «Алтын шакек, атып чык» — дегенде, жашырган киши жанындагыларга карматпай тез ыргып туруп кетсе, ал кезекти алып оюнду улантат, эки жагындагынын бири кармап калса, ал «жазаланат» да, кайра ордуна отурат. Шакек салган оюнчу оюнду улантат»,-деди Курманкулова.

Оюнда жазаланган Таңшоола ырдап бермей болду. Ал мультфилимдеги ырларды ырдаганды жакшы көрөт.

«Кыргыздын улуттук оюндары ойнолбой унутта калып баратат. Демек биз аны эске салып чоң ата, чоң энелерден оюндун эрежелерин сурап алдык. Ар түрдүү жаш өзгөчөлүгүнө жараша оюндарды ойнотобуз. Мисалы, «Жоолук таштамай», «Ак терек, көк терек», «Шакек салмай», «Ак чөлмөк», «Топ таш», «Жашынбак» оюндарын кезектеп күнүгө ойношот. Улуттук оюндарды ойнотуу менен ар бир жаш наристеге оюндун эрежелерин үйрөтүп, кийинки муунга да калса», — деген Айданек Курманкулова болгон мүмкүнчүлүктөн пайдаланып балдарга каада-салт, улуттук оюндарыбызды үйрөтсөк деп максат койгон.

«Улуттук оюн «Топ ташты» да өздөштүрүп, жакшы ойноп калышты. Мында 7-15 жаштагы балдар жакшы ойношот. Ал эми кичинелер болсо оюндун жүрүшүн карап отурушат», -деди ыктыярчылар.

Балдар оюндарды кезеги менен ойношот. Кыймылдуу оюндан кийин эс алып, отуруп ойношот.

Бакчанын кичине тарбиялануучусу Исхакка «Ак терек, көк терек» оюну аябай жагат. Ал дайыма бакчага келгенде ушул оюнду ойнойлу деп айтат. Фатима менен Айданек кичинелердин суранычын дайыма аткарышат.

Исхак 4 жашта ал бакчага келгенди жакшы көрөт. Бакчада көп ойноп, жомок угуп, ырдайбыз дейт.

«Бакчада балдар саат 9.00дөн, 13.00гө чейин болушат. Быйлыкы жылы төрт саатка гана ачтык. Анкени балдарды уктатып, тамактандырууга шарт жок. Буйруса кийинки жылдары малчылар менен сүйлөшүп тамак, түштө уктай турган шарт түзөлү деп пландадык», -деп билдирди Фатима Айдарбекова.

Апасын көргөн Миңжашар сүйүнүп чуркап баратты

Жети баланын энеси Гүлүмкан жайлоо балдар бакчасына алты баласын жөнөтөт. Анын айтымында мында балдар ойноп, жомок үйрөнүп бош убактыларын бекерге өткөрбөй, пайдалуу болуп жатканын айтты.

Балдары «Жайлоо балдар бакчасынан» чыкканча аталар өз ара сүйлөшүп, мал-жандыктар, айылдагы жаңылыктар тууралуу сүйлөшүшөт. Балдар бошогондо атка учкаштырып, алып кетишет.

Базар-Коргон районундагы айылдардын малдары жайлаган Кызыл-Үңкүр жайлоосунда 100дөн ашуун малчы чыкса, балдарынын саны 250гө жетет. Рават жайлоосундагы «Жайлоо балдар бакчасы» тууралуу уккан малчылар атайын келип, көрүп кетишет. Кийинки жылдары биз да уюштурсак дейт.

Гулназ Камбарали кызы

  Бул материал “Сорос-Кыргызстан” Фондунун колдоосу менен IDEA CA тарабынан ишке ашырылган MediaJasa долбоорунун алкагында жаралды. Бул материал акысыз көчүрүүгө, иштетүүгө жана каалаган чөйрөдө жана автордун атын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен каалаган форматта, анын ичинде коммерциялык максатта жеткиликтүү. Бул материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана IDEA CA жана “Сорос-Кыргызстан” Фондунун көз карашын чагылдырбайт.