“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Тоолор жана айымдар

9 Август 2022 жыл 1:05
Көрүүлөрдүн саны: 61

«Тоолор жана айымдар»долбоорун иштеп жатканда мага көз алдыма жайлоодогу айымдар элестетип, алардын жашоосун тартуу мен үчүн аябай кызыктуу болду.

Жайлоодогу Назгүл Керимкулова бизди тосуп алып, жайлоочулардын жашоосу жөнүндө айтып берди:

«Мен Жамааттык медиада иштеп жүрүп, сүрөткө болгон кызыгуум артты. Анткени сүрөт аркылуу көп сезимдерди көрсөтүүгө болот. Башта айылдын кооздугун, табиятты көп тартчуумун. Бара-бара адамдардын эмоциясын тарта баштадым. Жолдо бара жатып ар түрдүү адамдарды тартам. Бири бактылуу, экинчиси ойлуу, үчүнчүсү муңайган жүздөрүн байкайм. Жамааттык медиага сүрөтбаяндарды чыгарып, окурмандардын арасынан сүрөтбаяндарым көп көрүүлөрдү алганын байкадым.

Сүрөт менин хоббиме айланды

Сорос Кыргызстан жана IDEA_CA уюштурган «MediaJasa» долбоорунун башталаарын  социалдык баракчалардан көрүп калып катышайын деп анкета толтурдум. Ал жерге подкаст жасайм дегем. Анткени 2018-жылы Сорос Кыргызстан уюштурган подкасттар боюнча окуудан өтүп, биринчи жолу «Кел баарлашалы» подкастын 6 сериядан чыгардым. Экинчи подкастым «Токой тили» деп аталып, аны GIZ жана CAMP ALATOO тарабынан биргелешип токойдогу көйгөйлөр жөнүндө сүйлөшөбүз. Ошентип подкаст менен мен MediaJasa долбооруна катышып, үч күндүк окуудан өттүм, долбоорду жактоо учурунда подкасты сүрөтбаянга алмаштырдым. Биринчиден окуу мезгилинде Гулиза Урустамбек кызынын сүрөттөрү мага чоң таасир калтырды. Ошентип мен «Тоолор жана айымдар» долбоорун иштеп чыктым. Аны жактадым. Мен үчүн маанилүүсү айылга сүрөт көргөзмөсүн уюштуруу эле. Анткени айылда бир дагы сүрөт көргөзмөсү уюштурулган эмес. Менин максатым тоодогу, жайлоодогу айымдардын оор жашоосу менен алардын күчтүү сапаттарын сүрөтбаян аркылуу көрсөтүү эле.

Жайлоого бара жатканда жолдо Назгүл Керимкулованы жолуктуруп, сиздин үйүнүзгө баратабыз дедим. Назгүл айым кошуналары менен коноко бара жаткан экен.

Долбоордо 5 сүрөтбаян жасоону чечтим. Алар ар түрдүү темада болмокчу. Биринчи болуп Кызыл-Үнкүр айылындагы жайлоолорго барууну көздөдүм. Мага уулум Тимурлан жардам берип, бирге барды. Мени Кызыл-Үнкурдөгү Фатима жана Айданек аттуу кыздар колдоп, жайлоого чейин бирге барып келели дешти. Фатима менен Айданек жайлоодогу малчылар уюштурган «Жайлоо балдар бакчасында» ыктыярчы тарбиячылар эле.

Менин сапарым Рават жайлоосунан башталды. Ал жерде 10дон ашуун жайлоочулар конуштайт экен. Рават жайлоосунда эки күн туруп, жайлоонун жашоосун сүрөткө тарттым. Малчы айымдар алардын таңкы 5тен кечки 20.00гө чейинки жашоосу мени аябай таң калтырды. Чынында жайлоодо күчтүү айымдар гана жашап, акча таап, бала тарбиялап, сүйүктүү жар боло алышат экен деп ынандым.

Жайлоого бара жаткан жолдо

Рават жайлоосунан ары «Бээ эмчек» деп аталган жайлоого барып, ал жердеги койчулардын жашоосун көрдүм. Зоонун түбүндө, мөнгүнүн жанында жашаган койчулардын тың уул-кыздары мени дагы бир ирет таң калтырды.

«Бээ эмчек» жайлоосу. Бул жерде көбүнчө чабандар жайлоого чыгышат.

Жайлоодогу убакыттын берекелүүлүгү. Эртеңменен 5тен кечки 20.00гө чейин 3 минден ашуун сүрөт тартып жаттым. Мен үчүн алардын ар бир кыймылы сүрөткө тартылып, менден башка да окурмандарыма кызыктуу болсун деп аракеттендим.

Калиман атын токуп берип, койчулардын жайлоосуна чыгып келишимди жеңилдетти. Рават жайлоосунан Бээ эмчек жайлоосунун аралыгы 2 саат. Барып келгенге 4 саат убакыт кетти. Бирок табияттын кооздугу, чабандардын меймандостугу чарчообузду унуттурду.

Ошентип алты саат ат менен жүрүп, кайрадан 7 саат жөө жүрүп мен «Тоолор жана айымдар» долбоорумдун сүрөттөрүн тартып келдим. Буйруса ар жумада долбоордогу сүрөтбаяндарымды көрүп, баа бересиздер деп ишенемин. Сорос Кыргызстан жана IDEA_CA долбоорлоруна чоң рахмат айтам. Менин айымдарга арналган «Тоолор жана айымдар» аттуу сүрөтбаян жасоого мүмкүнчүлүк түзүп беришкенине. Журналисттик кесибимдин дагы бир жаңы барагы ачылып жатканда, мендеги ой-максаттар жогору болуп, сүрөтбаянды калтырбай дайыма чыгарсам дейм».

Таңкы саат 7.00 дө мөңгү суусун кечип өтүү мен үчүн кыйын болду. Себеби суу өтө муздак, бутум какшап, тоңуп калды.

Гүлназ Камбарали кызы