“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Балдар борбору сүрөттөр менен кооздолду

19 Июнь 2022 жыл 1:44
Көрүүлөрдүн саны: 36

Аталар чайханасы төрт жылга ижарага алган жеке ишкер айым Айгүл Джаратова көп жылдан бери кароосуз калган имараттын дубалдарын сүрөттөр менен кооздоп, балдар үчүн окуу борбор ачты.

Окуу борбордо чет тилдер, сүрөт тартуу жана башка кызыктуу сабактар өтүлөт. Биринчи ачылганда борбордо «Бизге тынчтык керек» аттуу сүрөт олимпиадасы өттү.

Олимпиададан мыктылар тандалып, сыйлоо баракчалары менен сыйланды.

Айгүл Джаратванын айтымында борборго алты ыктыярчы окуучулар келип, дубалга ар түрдүү түстүү сүрөттөрдү тартышкан. Мурда бул имарат кароосуз калып, эч ким келбей жатса, азыр болсо атайын дубалдагы сүрөттөрдүн жанында сүрөткө түшүү үчүн келишет деди.

Борбордун сүрөт татылгандан кийинки көрүнүшүн көрүңүз:

Гүлназ Камбарали кызы, Сабина Кылычбекова