“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Жайкы окуу жана эсеп лагери Базар-Коргондо

14 Июнь 2022 жыл 17:41
Көрүүлөрдүн саны: 205

Жайкы окуу жана эсеп лагери Базар-Коргон районунун 22 мектебинде башталды

Лагердеги балдар

2022-жылдын 13-июнунан республика боюнча USAIDдин “Окуу керемет” долбоорунун башталгыч класстардын окуучуларынын функционалдык сабаттуулугун жакшыртуучу класстан тышкаркы иш-чаралары камтылган жайкы окуу жана эсеп лагери Базар-Коргон районунун 22 мектебинде башталды.

Ачык абадагы сабак

Окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүү үчүн көп мектептер мектеп багынын алдына боз үйлөрдү тигип мыкты уюштуруп беришти.

Мектеп короосуна лагерь үчүн тигилген боз үй

Мектептерге долбоор тарабынан лагерге керектүү окуу куралдары өз убагында жеткирилип, башталгыч класстардын мугалимдери жана китепканачылар берилген колдонмо, программа менен кызыктуу, чыгармачылык менен өтүп башташты.

Китепканачы Мундузбаева Кенжекан

Бул лагерь –окуучулардын сабаттуулугун жогорулатып, китепке болгон кызыгуусун арттырып, сезимдерин өнүктүрүүгө, ынтымак, достукка даярдайт.

Лагердин катышуучулары ташка сүрөт тартуу учурунда

Убактылары текке кетпей окуучу убактысын кызыктуу, достору, курдаштары менен чогуу өткөрө алат.

Кызыктуу оюн учуру

2022-жылдын 14-июнь күнү Бишкектен “Окуу керемет” долбоорунун коомчулук менен иштөө боюнча адиси Чолпон Жанадылова, облустук коомчулук менен иштөөчү адиси Элмира Айылчиева, райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчулары Жаркын Маматова, Сабира Мурзаева болуп Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл аймагынын Тандоо айылынын Исманов негизги мектебине жайкы лагерине катышып, чыгармачыл окуучуларга күбө болуп кайтышты.


Бул иш-чарага коомчулуктан жергиликтүү кеңештен депутаттар, ата-энелер, айылдык китепканачылар, мугалимдер катышты.
Мектеп директору Космира Абылова жайкы лагерди жакшы уюштурууда көмөктөшүп, мугалимдерине дем болууда.


Китепканачы Мундузбаева Кенжекан өзгөчө чыгармачыл идеясы менен ыктыярчылар, окуучулар, коомчулук менен иш алып барууда.

Жаркын Маматова, Гүлназ Камбарали кызы