“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргон: Таймаштан ийгилик жараткан кыздар сыйлыкка ээ болушту

13 Июнь 2022 жыл 18:45
Көрүүлөрдүн саны: 143

Бекмамат Осмонов атындагы №6 гимназия мектебинин 10-классынын окуучулары 2022-жылдын 4-5-6-июнь күндөрү Бишкек шаарында өткөрүлгөн республикалык “Манас таануу”интеллектуалдык таймашында 2-орунду алышты

Бекмамат Осмонов атындагы №6 гимназия мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нагүл Турсуналиева жана “Коломто” тобунун окуучулары Зарина Кеңешова, Ибраим кызы Байма, Дилназ Паязбековалар

“Кадырлап турса кең мекен, Каныкей болуш эмне экен”- дегендей аракет менен болгон ийгиликти Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев чын жүрөктөн колдоп, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирдикте окуучулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүп беришти.


Мектеп директору Арстанбек Матраимов, окуу бөлүм башчысы Болдукыз Арыкбаева, класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусу Умсунай Мамачаловалар мектепте балдар, мугалим үчүн шартты түзүп колдоп турушту.


2022-жылдын 13-июнь күнү райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев даярдаган Бекмамат Осмонов атындагы №6 гимназия мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нагүл Турсуналиеваны жана “Коломто” тобунун окуучулары Зарина Кеңешова, Ибраим кызы Байма, Дилназ Паязбековаларды «Ыраазычылык кат» менен сыйлап, тегерек стол түзүп, баарлашып, келечекке окуучулар үчүн эң сонун мотивация берди.

Сопубек Сариев жана «Коломто» тобу тегерек столдо

Окуучуларга дебаттык лагерге, мугалимге Ысык-Көлгө жолдомо берилерин айтты.

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана Манас Таанууга катышкан «Коломто» тобу жетекчиси Назгүл Турсуналева менен

КТРКдан ар бир окуучуга жана мугалимге Манас арламенти түшүрүлгөн сумка 12 миң сом өлчөмүндөгү смартфон белеги жана дипломдор берилди. КТРК Манас таануу интелектуалдык таймашынын уюштуруучулары тарабынан окуучуларга эң жогорку келечекке карай үмүт жандырган колдоо болду.


Кыргыз элинин руханий байлыгы болгон Манаска байланыштуу сынакта окуучуларды колдоп, келечекке берген мотивациялары үчүн Сопубек Сариев  КТРКнын «Баластан» каналынын продюссери, «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашынын автору Кундуз Амановага, Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбековго, «Бай-Дыйкан» айыл чарбаны колдоо борборунун жетекчиси Акунбеков Эрлист Абакировичке «Ыраазычылык кат» жолдоду.

«Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашынын автору Кундуз Аманова, Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков «Коломто» тобунун кыздары менен

«Ушул сынакты жер-жерлерде зоболосун көтөрүп, көпчүлүктү тартып, “Манас” үчилтигинин райондордо кеңири жайылышына Нурбек Талантбеков себепкер экенин көпчүлүк билет жана өзүнүн калыстыгы, таланты, зиректиги менен көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк ала алды. Балли, кыргыз уулу деп, ийгиликтер арта беришин районубуздун атынан каалайбыз.“Эр эмгегин жер жебейт” дегендей кылынган мээнет жерде калбайт…»-деди райондук билим берүү бөлүмүнүн кабинеттер башчысы Жаркын Маматова.

«Республикалык «МАНАС ТААНУУ»интеллектуалдык таймашына быйыл өлкө боюнча 48 команда ат салышты. Бардык топтордун даярдыктары мыкты экен. Жылдагыдан айырмаланып быйыл сынактын тапшырмалары жаңы суроолор менен толукталды. Кыздарыбыздын, аны даярдаган мугалимдин тынымсыз жасаган эмгегинин акыбети кайтып, республика боюнча 2-орунду камсыз кылдык.

№6 Бекмамат Осмонов атындагы гимназия мектебинин директору Арстанбек Матраимов

Бул ийгиликке жетүүдө долбоордун уюштуруучулары менен тынымсыз байланышып, колдоп турган, жетекчи Сопубек Сариевке,»Бай-Дыйкан»компаниясынын башчысы Эрлист Акунбековго, усулдук каана башчысы Жаркын Маматовага жана Нургүл Нуралиеваларга чоң ыраазычылык билдирем»-деди №6 Бекмамат Осмонов атындагы гимназия мектебинин директору Арстанбек Матраимов.

Жаркын Маматова, Гүлназ Камбарали кызы