“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргон: Балдар үчүн мыкты маанай түзүлдү

1 Июнь 2022 жыл 16:56
Көрүүлөрдүн саны: 153

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү 1-июнь Балдарды коргоо күнүндө жогорку деңгээлде иш-чараны уюштурду.

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы аянтында шарлар, желекчелер менен, балдардын колу менен тартылган сүрөттөр илинди. Майрамдык маанай түзүлүп, балдардын күнүн жогорку денгээлде өтүүсүнө шарттар толук түзүлгөн.

Ар түрдүү оюндар ойнотулуп, түстүү кагаздардан жомок каармандарын жасашты.

Экологияны коргоо боюнча долбоордун катышуучулары өздөрү чыгармачылык менен жасаган көргөзмөлөрүн тартуулашты.

Майрамды шанга бөлөгөн бөбөктөр

Баланын — баары бирдей, балдай таттуу. Бүгүн мүмкүнчүлүгү чектелген балдар да аземде музыка угушуп, белек алышып, ата-энелери материалдык жардамды социалдык кызматкерлери тарабынан таратылды.

Ар бир ата-эне, жакындары балдарына көңүл бөлүп, белектерин берип, же кандайдыр бир маанайын көтөрүү менен чекесинен өөп эркелеткен өзөгөчө күн.

Базар-Коргон райондүк билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев балдар менен

Майрамды куттуктоо үчүн Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациянын башчысы аким Джанысак Сатыбалдиев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев сөз сүйлөп, балдар менен чогуу бийлеп, маанайы үчүн ар түрдүү белектерди, балмуздактарды таратышты.

Базар-Коргон районунун акими Джанысак Сатыбалдиев

Маданият кызматкеринин аткаруусунда “Тай тай бөбөк” ыры балдарды аралап ырдалды. №42 “Ак кеме”МЧББУ сунун бөбөктөрү бийлешти. №33“Ай-Шоола МЧББУсунун тарбиялануучуларынын бийлери бийленди. №22 Тагай уулу Камал орто мектебинин 1-классынын окуучулары өздөрүнүн татынакай формалары менен “До-Ре-Ми” бийин адамдарды суктандырып бийлешти.
Балдар үчүн жомок. Ж.Бөкөнбаев гимназия мектебинин 9-класстарынын окуучулары аткарышты.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери

“Ай чыкты”ыры, №47 Саипов орто мектебинин 4-классынын окуучулары “Буратино” оюн-зоогу болду.
Иш-чара балдарга жакшы маанай тартуулап бүгүнкү күн балдар үчүн болду.

Гулназ Камбаралиева