“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Видео: Окуучунун суроосуна жооп берген жетекчилер

31 Май 2022 жыл 5:54
Көрүүлөрдүн саны: 47

Базар-Коргон районундагы Могол айыл өкмөтүнүн «Демилгелүү жаштар» тобу «Балдардын сынагына сынбайсынбы?» аттуу жолугушуу өткөрдү.

Демилгелүү жаштар долбоорунун өнөктөш уюмдары USIAD.KG IDEA_CA  жана AKDN_kyrgyzstan сайт-визит менен Талдуу-Булак, Могол айыл аймагына келишти.

Сайт визитте, өнөктөштөр Талдуу-Булак айыл аймагынын тил үйрөнүү борборунан жөн гана кайтбастан, кайсы багыттарда изденүү керектигин, ошол багыттарда @usaid.kg кайсы жерден пайдалуу болоорун бөлүшүп кеттишти

Жолугушуудан кийин да окуучулар коноктор менен ар түрдүү темада баарлашып, өздөрүнө керектүү маалымат алышты

Ошондой эле өнөктөштөр Могол айыл аймагынын жаштары менен «Балдардын сынагына сынбайсынбы?» аттуу жолугушуу аркылуу ачык талкуу жаратып, жакындан таанышты. Жолугушууда ар түрдүү, кызыктуу суроолор берилди.

Жолугушуунун коноктору

«Бүгүн биз коноктор менен кызыктуу жолугушуу өткөрдүк. Ширин Бакытованын жооптору аябай жакты. Анкени так, чын, күлкүлүү жооп берип жатты. Өзүм кызыккан баардык суроолорго жооп ала алдым»-деди №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин окуучусу Нуриза.

№17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин окуучусу Нуриза

Гүлназ Камбаралиева