“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ишкер айым: жайда балдар англис тилин үйрөнүшөт

29 Май 2022 жыл 22:03
Көрүүлөрдүн саны: 38

Жалал-Абад шаарындагы ишкер айымдардын бири Айгүл Джаратова жайкы эс алууда шаардын балдары үчүн лагерь уюштурат

Жайкы лагерде балдар ата-энелери менен бирге окушат

Ишкер айым Айгүл Джаратова билим берүү тармагында, Сефан окуу борборунда билим берүү көйгөйүн чечүүдө. Анын айтымында жайкы каникул убагында Кыргызстанга көп туристтер келет. Биздин тил билбегенибиз ушунда билинет экен деп 2010-жылы жайда уюштургам. Ошол жылы дүрбөлөң окуялардан кийин, эл арасында коркуу сезимдери пайда болуп ата-энелер балдарын жөнөтө алган эмес. Ошондой маалда мен залда уюштуруп, балдарды окута баштагам.

Окуу борбордогу ийгиликтер

Анан чет өлкөлүк волонтёрлор ушундай ишмердүүлүгүңүздү токтотпоңуз, өтө жакшы иш деп колдошкон. Алгачкы жолу Австриядан ноутбук келген. Ошондой эле китептерди жөнөтүп, педагог Австриялык эже Ханна Ватсол тажырыйбалары менен бөлүшкөн. Ал тажрыйба баланы бир окутканда 100 минутадан кем эмес окутуш керек, ошондо гана эффект пайда болот деп бөлүшкөн. 45 мүнөттүк сабак өтүү бул жетишсиздик болуп, бала өз максатына жетпей калат. Жылдан-жылга балдар көбөйүп, атыбыз чыга баштады. Лицензияга аракеттендим. Лицензия боюнча 7 багыттан уруксат алдым. Азыр 800 дөй окуучу окуп, чет өлкөдө иштеп дайыма салам жолдошот. Канада, Америка, Түштүк Корея, Россияда көптөгөн мамлекеттерде англис тилин эркир билген үчүн жана жакшы жумуштарга орношуп, Кыргызстанга өз салымын кошууда деп билдирди Джаратова.

Сефан окуу борборунун бүтүрүүчүлөрү

«Чет өлкөлүктөр келишип, волонтёрлор менен иштейбиз. Каникул убагында эс алганы келишип, биротоло англис тил менен да бөлүшкүсү келет. Бизде окуган жаштар дүйнөдөгү бүт шаарларга иштеп кетишкен. Америка, Канада, Корея, Япония, Австрия, Австралия, Польша, Италия, Германиянын жаштары англис тилине эффективдүү жолу менен сүйлөшүү, ойноо, интереактивдүү метод менен окутуп кетишет. Ошол волонтёрдун эң мыкты жактарын алып, өзүбүздүн борборубузду өздөштүрөбүз. Ошондой эле коркуу сезимден балдар арылышат. Ар тармакта бала коркпой иштесе сүрөттөбү, англис тил сабагындабы, билим жактанбы бала тез өздөштүрө алат»-деп айтты Джаратова.

Борбордо балдар сурөт тартышат

Окуу борборунан аяктаган бүтүрүүчүлөрү жөнүндө сыймыктануу менен айтып берген ишкер айым, бир эле акча эмес окуучуларымдын ийгилиги мени кубандырат деди.

«Бүтүрүүчүбүз Нурсултан Самидинов тамгадан баштап үйрөнгөн.  Волонтерлор менен иштешип, учурда АКШда Бостон университетинин программисттик кесипте 2-курста окууда, Марина Мамазакирова Ак-Тоок айылынан кесиби электр инженер, англис, орус тилдерин үйрөнүп Германияда, Лида Исмаилова Түштүк Кореяда, Эрбол Эргешов Кытай университетинде программист кесибинде  окуп, иштешүүдө.»

Мастер класстарда сүрөтт тартып англисче үйрөнүшөт

«Биздин филиалыбыз Комсомол айылында да бар. Сузак районундагы Көк-Арт айыл өкмөтү 5 жылга имарат берген. Ал жерде «Энелер мектеби», » Автомектеп», «Менталдык арифметикадан » сабак өтүп жатабыз. Учурда англис тилдик олимпиадага даярданып Ысык-Көлдө өтүп келдик. Окуу борборду Талас областына ачуу максатында иш аракеттерди жасап, баарлашуудабыз. Чүйдө, Бишкекте ачылсак деп, пландаштырылып жатат. Алдынкы тажырыйбаларды бөлүшмөкчүбүз. Баланы коркуу сезимден арылтып, өзүнө ишенүүгө багыттайбыз»-деди Айгүл Джаратова.

Окууну бүткөндө сертификат алышат

Айгүл Джаратова жаш ишкер айымдарга айтаар кеңешим коркуу, өзүнө-өзү ишенбестик сезимдер пайда болот. Бирок адамдардын зарылчылыгын көрүп, өзүнүн кыялын ишке ашырам деген айымдар албетте акча каражаттатн жан колдоо жагынан муктаж болот. Өзүнө-өзү ишенүү жана коркуу сезиминен арылуу эң негизги кадам. Чечкиндүү болуп, бизнесин баштайм десе, тез жыйынтык берет. Себеби мен да мамлекеттик жумушта болуп, мугалимдик кесипти аркалап жүргөм, жумушумду заматта эле таштап кетишим кыйын болду. Кыялымдагы бизнесиме умтулуп, таштабадым. Качан талап күчтүү болгондо гана бизнесиме баш отум менен кирип, балдарды окутуп, элге жардам берип, окуу борборун өнүктүрө бердим. Акча каражат, колдоо тарабынан көп кыйынчылыктар болду деди.

Айгүл Джаратова волонтерлор менен

Ишкер айым көп изденгенин айтып, окууларга, семинарларга катышып, ишкер айымдар бар бекен деп чөйрө издегенин билдирдин.Анын айтымында биринчи чөйрө издеш керек. Анткени жакшы чөйрө бизге дем-күч берет. Жеке ишкерлер ассоциациясына мүчө болуп бизнес чөйрөсүн көрүп кайраттандым. Ишкер айымдардын ичинен бизнесин өнүктүргөн айымдар көп экен. Башка окуу борборолору көрүп, алардын тажрыйбасын, ишин көрүп шыктандым. Ошондуктан иш баштайм деген айымдарга алга демекчимин-деп кеңеш берди Джаратова.

Гулназ Камбарали кызы, Арууке Арстанбекова