Могол айыл өкмөтүндөгү «Могол демилгелүү жаштар» тобу активдүү мектеп окуучулары үчүн квест оюнун уюштурду
Квест оюн Дашман коругунун токоюнда өттү. Оюнга Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде уюштурулган «Дебат» клубунан 15, Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунан 25 ыктыярчы катышты.
Квест оюн эки топко бөлүнүп, биринчи тобун Эржан Анаркулов, ал эми экинчи тобун Тимурлан Мелисбековдордун башчылыгы астында өттү.
Токойдо багыттоочу ар түрдүү логикалык суроолор жазылган кагаздарды бекитип, улам тапкан табышмак, кийинки табышмакты табууга жана анын кайсыл жерде жашырылганын табууга багыт берет.
Оюнда тамаша жазылган кагаздар оюнчуларды адаштырып, аларды бир топ түйшүккө салды.
«Негизи мен оюн кандай боло турганын билбей эле баргам. Бирок квест башталгандан тартып, акырына чейин кызыктуу болгондуктан 4 саат убакыттын кантип өтүп кеткенин байкабадым»-деди квестин катышуучусу Сабина Кылычбекова.
Квест оюнун мурун бизге ЖашТур долбоору тарабынан Гулсана Абытова, Мекен Маматкулов жана Регина Гатулина үйрөткөн. Ошондон бери ойноп келебиз. IDEA_CA тарабынан Кочкор-Ата шаарында уюштурулган семинарда да квест ойногонбуз. Экөөнүн айырмачылыгы чоң. Оюндун эрежелер, өтүлүүчү жайлардан айырмаланат»-деп билдирди Ширин Маратбекова.
Аяна Расулова Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчысы:
«Мен квест десе түшүнбөдүм. Бирок оюндун жүрүшүндө түшүнүп, аябай кызыктуу болду. Логикалык тапшырмалар жазылып, аларды тапканда көп нерсени билдим».
Квест оюнунан кийин «Дебат» клубунун мүчөлөрү ачык асманда дебат өткөрөлү деген сүнушу менен токойдо дебат болду.
Жыйынтыгында жаштар активдүү болуу үчүн бир эле коомдук иштерге активдүү болуу эле эмес, оюн аркылуу да логиканы өстүрүп, активдүүлүктү көтөрүү мүмкүн экенин далилдешти.
Квест, дебат оюндарын уюштурууда IDEA_CA долбоору колдоо көрсөттү.
Гүлназ Камбарали кызы, Арууке Арстанбекова