“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргон: Кесипти тандоого багыт

27 Май 2022 жыл 6:52
Көрүүлөрдүн саны: 202

2022-жылдын 25-май күнү, Базар-Коргон районундагы борбордук аянтчада «Кесипти тандоого багыт» аталышындагы келечектеги кесиптер жарманкеси уюштурулду.

Райондогу мектептерден келген бүтүрүүчүлөр

Иш-чаранын биринчи бөлүгү жогорку, орто жана кесиптик окуу жайларынын парады менен коштолуп, ар бир окуу боюнча чатырда көргөзмөлөр уюштурулду.

Жарманкеде

Иш-чаранын экинчи бөлүгү Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациянын чоң жыйындар залында концерттик программа менен, жогорку, орто жана кесиптик окуу жайларынын кесиптик багыт алуу боюнча презентациялары менен коштолду.

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациянын чоң жыйындар залында

Иш-чарага Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Асель Сансызбаева, ОшМУ, Ош мамлекеттик педагогикалык Университети, Б.Осмонов атындагы ЖАМУ, Заманбап Эл аралык Университети, К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык Университети, Жалал-Абад медициналык колледжи, Жалал-Абад маданият техникуму, Жалал-Абад шаарындагы №75 кесиптик лицейи, Б.Абдраимов атындагы №63 кесиптик лицейлердин студенттери жана мугалимдери, РБББ, РЧУ жана 9-11-класстарынын окуучулары болуп,  жалпы 500 адам катышышты.

Парад

Базар-Коргон районунун акиминин орун басары Асель Сансызбаева өз сөзүндө бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалоо менен алардын келечектеги кесибин туура тандоого бүгүнкү иш-чара туура багыт берет деп айтты.

Иш-чарага Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Асель Сансызбаева

Тандалган кесиптин мааниси
Тандалган кесип кишинин өмүр бою бир иштин ээси болушун жана ал иште ийгиликтүү иштешин көрсөтөт. Кесип тандоо менен бирдикте ар дайым чогуу иштей турган кишилерди, жолдошторун, ал тургай кээде өмүрлүк жарын тандоосуна да маанилүү роль ойнойт.

Иш-чарага Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары АСель Сансызбаева жана Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев

Өмүр бою бирге жашай турган чөйрөнүн өзгөчөлүгүн жана жерин, үй бүлөнүн тапкан кирешесин жана сарптоо өзгөчөлүгүн, кишинин өз ишине болгон мамилесин, жоопкерчиликтүү бир жумушчу же кызматчы экенин, иши менен сыймыктанып, турмушуна ыраазы, бактылуу экенин көрсөтүүчү мааниге ээ»-деди Базар-Коргон районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев.

Жарманкенин уюштуруучусу, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн кабинеттер башчысы Жаркын Маматова окуучулар менен

Мына ошондуктан бүгүн биз, абитуриенттерди кесип тандоодо жаңылбасын деп кесип тандоого багыт берүү максатында бул иш чараны уюштуруп жатабыз. Азыркы учурда Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептерде 11-класстарда 1 468 окуучу, 9-класстарда 2 625 окуучу бүтүрүп жатат. Анын ичинен, 588 окуучу ЖРТга тапшырат.

Калагандары атайын орто окуу жайларына, колледждерге, кесипчилик лицейлерине тапшырууга максат коюуп жатышат. Бүгүнкү кесип тандоого багытталган иш чарабыз бүтүрүүчүлөр үчүн кесип тандоосуна ыңгайлуу мүмкүнчүлүк жаратат деп ойлойм.

Парад учуру

Анткени, ким өз кесибин туура тандап, күжүрмөндүк менен эмгек кылса анда ал өз кесибинин мыкты ээси боло алат. Районубузда бир канча өз кесибин мыкты билген белгилүү инсандарыбыз бар. Мисалга алсак, медицина илимине эбегейсиз салымын кошуп келген агабыз, медицина илиминин доктору, прафессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы Абдраманов Калдарбек Алишерович кардиохирургия боюнча мыкты адис деп баса белгилеп айтып кете алабыз. Анткени, өз кесибине берилип иштөө менен канчалаган жарандарыбыздын өмүрүнө өмүр улуп келүүдө.


Андыктан, өсүп келе жаткан жаңы муун замандан артта калбай, өзү кызыккан кесипти тандоосу зарыл. Кесипти туура тандаган инсан коомго пайда келтире алуусу шексиз. Ошондуктан бүгүнкү мүмкүнчүлүктү текке кетирбей, кесипчилик, атайын орто жана жогорку окуу жайлары боюнча кененирээк түшүк алып, кесип тандоо менен турмушта өз ордуңарды таба алышаңарга ишеничим чоң.

Бүгүнкү жарманкеге Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинен да окуучуларды алып келдик. Иш-чара аябай кызыктуу, таасирдүү өттү. Райондун тарыхында мындай жарманке өткөн эмес. Бул саамалык жылда уюштурулуп турса, райондогу окуучуларды көп алып келип тааныштырсак дейм. Ошондо окуучу өз көзү менен көрүп, татыктуу кесипти тандай ала түрган мүмкүнчүлүк түзүлөт экен. Уюштуруучуларга рахмат айтып кетем» -деди Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин директору Давлет Омурзакова.

№17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин директору Давлет Омурзакова жана химия мугалими Марина Ташматова окуучулар менен

Мамлекеттик Педагогикалык университетинин колледж бөлүмүнүнүн информатика жана математика кафедрасынын окутуучусу Малабеков Мелис:

Бүгүнкү кесипти тандоо аталышындагы жарманкеге келүүбүздүн максаты өзүбүздүн окуу жай тууралуу жарманкенин катышуучу конокторуна жана бүтүрүүчүлөргө маалымат берүү болуп саналат. Жакынкы күдөрдө окуучулар маанилүү чечим чыгаруу алдында турушат. Ушул чечимди чыгарууда көмөк көрсөтүү үчүн уюштурулган жарманкенин уюштуруучусу Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмунүн башчысы Сопубек Сариевге ыраазычылык айтып кетем. Биздин окуу жайыбыз кылымга тете 97 жылдык тарыхка ээ, түштүк аймагындагы эң алгачкы педагогикалык окуу жай болуп эсептелет. Негизи Кыргызстанда эки педагогикалык окуу жай болсо, анын бири түштүк жергесинде ОШМПУ. Мында бүтүндөй педагогикалык багытта даярдоодо эң алдыңкы мугалимдерди даярдап келген жана контрактын аздыгы менен өзгөчөлөнгөн окуу жай.

Алтынай Акылбекова Жалал-Абада медициналык колледжи

Алтынай Акылбекова Жалал-Абада медициналык колледжи:

Биз Жалал-Абад медициналык колледжинен келдик. Окуу жайыбыздын шарттары боюнча маалымат бердик. Колледждин башка окуу жайлардан айырмачылыгы мамлекеттик окуу жайларга кирип, бизде бюджеттик окууту болуп саналып, медициналык стандарт менен окутабыз. Медициналык кесиптердин баардык багыты боюнча адистерди даярдап, алар окууну аяктаган соң мамлекеттик ооруканаларга ишке алынышат.

Талгарбек Жорокулов

Талгарбек Жорокулов №14 «1-Май» мектеп гимназиясынын окуучусу:
Мен бүгүн жарманкеде көп кызыктуу маалымат алдым. Райондун тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Бүтүрүүчүлөргө кеңеш берип, аларды багытоодо чоңдордун ролу чоң деп ойлойм. Мен да бүтүрүүчүмүн буйруса бүтүрсөм, композитордук кесипке ээ болсом деп максат коюп турам. Азыркы кезде Жалпы Республикалык тестке даярданып жатам. Буйруса жакшы баллдарды алып, максатыма жетсем деп аракеттенүүдөмүн.

Талгарбек Касымов Жалал-Абад шаарындагы Канторо Токтомаматов атындагы эл аралык университети

Талгарбек Касымов Жалал-Абад шаарындагы Канторо Токтомаматов атындагы эл аралык университетинде эмгектенем. Азыркы учурда быйылкы кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы болуп иштеймин. Биздин окуу жай билим берүү айдыңында 29 жылдан бери татыктуу, мыкты адистерди даярдап келе жатабыз. Негизинен экономикалык, юридикалык, педагогикалык багыттагы орто жана жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча адистерди даярдайбыз. Окутуу күндүзгү жана сырттан окуунун негизинде жүргүзүлөт. 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрүн кабыл алабыз. Сөзсүз түрдө жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен андан кийин ал кесиптерге тиешелүү балл ала албай калса, бүтүрүүчүлөрдү 11-классынын билиминин негизинде эл аралык кыргыз-түрк университетинде даярдоо курсунда даярдап, келечекте мыкты адис катары даярдоого даярбыз.
Биз башка университеттерден артыкчылыгыбыз эч кандай тоскоолдуксуз, конкурстун негизинде тандоо. Башкысы бүтүрүүчүлөргө баардык ыңгайлуу шарттарды түзгөнбүз. Жатакана, спорткомплекси, окуу жайдын окуу корпустары баары бир жерде, демек студент окуу жайдын айланасында дайыма болуп билим алуусу үчүн дагы бир шарт десем болот. Заман талабына ылайык келген баардык адистер бизде бар. Мыкты адис гана Кыргыз Республикасынын өнүгүп, өсүүсүнө чоң таасир тийгизет.

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариевге Абукабакир Маматумаровов Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин Жалал-Абад колледжинин окуу иштери боюнча директордун орун басары ыраазычылык кат тапшыруу учуру

Абукабакир Маматумаров Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин Жалал-Абад колледжинин окуу иштери боюнча директордун орун басары:
Бүгүнкү иш чара жакшы өттү. Бизде 30 жылдан ашык убакыттан бери билим берүү тармагындагы өз ара байланыш үзүл-келсил болуп кеткен. Мисалы бала бакча өзүнчө, мектеп өзүнчө, жогорку окуу жайлар, лицейлер, колледждер өзүнчө болуп кеткен. Бүгүнкү күндө байланыш түзүлүшү керек. Жогорку окуу жайлар илимге таянган жаңы инновацияларды коомго сунуштай билиши керек. Ал эми мектеп өзүнүн миссиясын аткарып окуучуга татыктуу тарбияны берүүнү билиши керек. Негизинен жогорку окуу жайлар билим берет дейт, бирок мен бул ойго кошулбайм. Анткени жогорку окуу жай адис даярдайт, ал эми билимди мектеп бериши керек. Бүгүнкү иш чарада ортодогу аралыктарды жоюп, байланышка алып келди. Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариевге жана эмгек жамааты жакшы иш жасашты. Жаңыча көз караш менен, инновациага, тренд болуп жаткан нерселерге басым жасоо маанилүү. Баардык келген окуу жайлардын ичинен биздин гана окуу жай 19 адистиктен студенттерди алып келип параддан өткөрүп, ар бир адистиктерибиздин өзгөчөлүктөрүн көрсөттүк. Жаңыча көз караш менен багытталган кесип тандоо боюнча иш чара болду. Ар бир адис өзүнүн мыкты адис экенин билсе, өнүгүү болот. Бүтүрүүчүлөргө кеңешим окуу жайды тандоодо келечекти тандай билүү керек. Окуу жайдын имиджин, престижин көрүү, кайсыл окуу жайдын мүмкүнчүлүгү көп, жеке өзүнүн тандоосу маанилүү. Кайсыл адистикке жөндөмүнө карап тандоо керек. Ата-энем ушул адистикти танда деди эле деп кесип тандоо бул жаңылыштык. Ошондуктан өзүнөр каалаган кесипти тандагыла деп кеңеш берет элем.

Жалал-Абад маданият техникумунун окуу тарбия иштери боюнча директорунун орун басары Асира Амиракулова

Жалал-Абад маданият техникумунун окуу тарбия иштери боюнча директорунун орун басары Асира Амиракулова:
Биринчиден Базар-Коргон Райондук Администрациясына, Билим берүү бөлүмүнө маданият техникумунун директору Адилжан Таштановдун жана жалпы эмгек жамаатынын атынан ыраазычылык билдирип кетем. Биздин окуу жайды жарнамалоого, бүтүрүүчүлөрдү чакырууга чоң көпүрө болуп беришти. Окуу жай Кыргызстандагы жалгыз гана бюджеттик негизде окуткан окуу жай. Маданият тармагына даярдаган, мыкты адистерди чыгарган бирден-бир окуу жайбыз.

Жалал-Абад шаарындагы №75 кесиптик лицейдин директору Гульмира Сыргабаева

Жалал-Абад шаарындагы №75 кесиптик лицейдин директору Гульмира Сыргабаева:
Эң сонун даярдыктар менен өткөрүлгөн иш чара болду. Убакыттан пайдаланып уюштуруучуларга рахмат айтам. Себеби кесипке багытоо үчүн жакшы шарт түзүлүптүр. Жакшы маанайда өтүп жатат. Окуучуларга маанилүү керектүү маалымат бердик. Биздин кесиптик окуу жайда окуган окуучулар келечекти курат деп ишеничтүү айта алам. Анткени бизден бүткөн адистер рынок-экономикасына керектүү болгон кесиптерди даярдап чыгарабыз. Бизден окуп бүтүргөн окуучулар өздөрүнүн үй бүлөсүн каржылаганга ээ болушат.

Базар-Коргон районундагы №63 кесиптик лицейинин мугалими Барчынай Карымшакова

Базар-Коргон районундагы №63 кесиптик лицейинин мугалими Барчынай Карымшакова:

Мен да өзүмдун окуу жайым тууралуу сыймыктануу менен айтам. Азыркы учурда окуу жайлар конратктык негизде окутулуп, окуй албай калган, мүмкүнчүлүгү жетишсиз үй бүлө үчун. Туур тандалган кесип, келечекке ачылган эшик демекчи окуу жайыбызда заманга жараша ашпозчу, куруучу, ширетүүчү кесиптери актуалдуу болуп, жогорку маяна табуучу болуп калды.

Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектебинин окуучусумун. Алмазбек уулу мен бүгүн бутүрүүчүлөргө кесип тандоо боюнча доклад окудум. Кесипке багыт берүү, эң актуалдуу кесиптер жөнундө айтып бердим. Бүтүрүүчулөргө калоом окууларына ийгилик, өздөрү каалаган кесиптин ээси болуп, элине жерине кызмат кылган уул-кыздардан болушсун.

Уюштурулган кесипке багытоо боюнча иш чара өзүнүн максатына жетип, келген окуучулар жакшы маанайда кетишти.

Гүлназ Камбарали кызы