“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа: Ыктыярчылар үч айлык окуудан өтүштү

22 Май 2022 жыл 11:13
Көрүүлөрдүн саны: 40

Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл аймагындагы Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борбору жаш ыктыярчыларды үч ай окутту

Ыктыярчылар макала даярдап жаткан кезде

Ыктыярчылар 10 жаштан 18 жашка чейинки улан-кыздар. Кызыгуусуна жараша топторго бөлүп, макала жазуучулар, видео, сүрөт тартуучулар, подкаст жаздыруучулар, түз эфир алып баруучулары болуп, ар ким өзү кызыккан багытта окушту. Окууну бир нече окуулардан өткөн Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы Тимурлан Мелисбеков жана Кыргызмедиа уюштурган 10 күндүк интенсивден өткөн Аймээрим Саитжанова, Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун координатору Гүлназ Камбарали кызы өтүштү.

Видео тартуу боюнча окууда

«Негизи мен журналистикага аябай кызыгам. Келечекте журналист болсом дейм. Азыр мен Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун жаш ыктыярчысы катары үч ай окудум. Өзүм ар түрдүү кыска видеолорду тартып, монтаждап, аны алып бардым. Биз үч ай окугандан кийин экзамен тапшырдык. Окугандарыбыз боюнча келген суроолорго жакшы жооп бердим. Мага баары түшүнүктүү жана кызыктуу болду»-деди ыктыярчы Арууке Арстанбекова.

Арууке Арстанбекованын кыска видеосун төмөндө көрүңүз:

Менин журналистикага кызуугума Тимурлан Мелисбеков түрткү болду. Анткени анын тарткан сүрөт, видеолору мени суктандырчуу деп билдирди Бексултан Нажимидинов.

Аймэжрим Саитжанова ыктыярчыларды окутуу жана практикалоо учуру

«Мен монтаждоого аябай кызыгам. видео тартып монтаждоону үйрөндүм. Көп жакшы, баалуу нерселерди үйрөнө алдым десем жаңылышпайм. Буйруса Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун видеолорун тартам деп ниет кылып жатам»-деди Нажимидинов.

Тимурлан Мелисбековдун видео жана сүрөт тартуу тобу

Журналистикага кызыккан жаштар кошуна айылдардан да келип катышууда. Көк-Тонду айылынан келген Адина ар жумада келип, окууга катышты. Ал Көк-Тонду айылындагы жаңылыктарды медиага чыгарат.

Макаланы сайтка коюуну үйрөнүү учуру

Окутуу аяктап, эми бүтүрүүчүлөрдөн кызыктуу макала, видео, сүрөттөрдү чыгара башташат.

Сабина Кылычбекова