“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Жаштар лидер болууну үйрөнүштү

27 Апрель 2022 жыл 16:56
Көрүүлөрдүн саны: 48

Жаштардын аң-сезимин, активдүүлүн көтөрүү, аларды медиа сабаттуулукка тарбиялоо менен аларды келечекте лидер болуп, максаттына жетүүсүнө жол ачуу максатында мектеп окуучуларына тренинг өтүлдү.

Чарбак айылындагы катышуучулар

Апрель айында Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун волонтерлору жана Могол демилгелүү жаштары менен биргеликте “Жаштардын аң сезимин өстүрүү, активдүүлүгүн жогорулатуу” максатында эки айылдын жаштарына окутуулар уюштурулду.

Максатка жетүү боюнча Самира Жаныбекова айтып берип жатканда

Чарбак айылындагы №16 К.Рахманов атындагы орто мектебинде өткөн семинарга 50дөн ашык жаштар катышып, өздөрүнүн көйгөйлөрүн айтып, аларды чечүү жолдорун табышты. Ширин Маратбекова жана Тахмина Суеркуловалар “Лидер бол” темасында, Роза Анаркулова, Самира Жаныбековалар “Максатка жетүүнүн жолдору”, Медиасабак долбоору уюштурган Mediastation лагеринин катышуучусу жана Ооган-Талаа мультимедиа борборунун журналисти Тимурлан Мелисбеков “Медиа сабатуу бол”, “Фейкти таанып билүү” боюнча окутушту.

Медиа сабаттуулук боюнча Тимурлан Мелисбеков түшүндүрдү

№16 К.Рахманов мектебинин директору Марат Токтобаев окуучуларга кайрылып, силерге окшогон, силер менен тең балдар көп ийгиликке жетишип, көптөгөн курстарда окуп, силерге келип үйрөтүп жатышат. Демек ушул окутуудан жакшы сабак алып, келечекте биздин мектептен да лидерлер чыгат деп ишенерин билдирди.

№16 К.Рахманов мектебинин директору Марат Токтобаев

“Биздин мектепте да таланттуу окуучулар көп, бирок аларды окутуп, тартынбай сүйлөгөнгө, өз оюн так, туура айтууга үйрөтсөңөр бул чоң жетишкендик. Мен ойлойм, бул окутуудан кийин, лидерлер чыгат деп. Силерге чоң рахмат»-деди директор Токтобаев.

Азизбек Сатимкулов мектеп мугалими

Мектептин жаш адиси Азизбек Сатимкулов айткандай окуучулардын лидерлик сапат төрөлгөндө эле кошо төрөлбөйт. Аны адам өзү акырындык менен калыптандырат.
“Окуучулар бүгүнкү семинардан абдан чоң стимул алышты. Көп жаңы маалыматтар менен кабардар болушту. Мындай семинарлар дайыма өткөрүлүп турса жакшы болмок.”

№17 С.Далбаев атындагы гимназия мектебинин директору Давлет Омурзакова

№17 С.Далбаев атындагы гимназия мектебинин директору Давлет Омурзакова окуучуларды дайыма коомдук иштерге активдүү болууга чакырды.

Жаштардын арасында кызуу талкуу болду

“Урматтуу биздин окуучулар! Мына силер үчүн жакшы мүмкүнчүлүк жаратылып, силерди лидер болууга, максатты туура коюуга жана ага жетүүгө үйрөтүү үчүн семинар уюштурулуп жатат. Ушул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, ар бир айтылган сөзгө маани берип, эсинерге сактап калсаңар. Анткени лидерлик сапат менен силер кайсы жерде болбогула өз жолунарды туура, так таба аласынар.

Аймээрим Саитжанова көйгөй дарагы менен топторду иштетти.

Силерди окута турган балдар мындан бир жыл мурун силерге окшогон жөнөкөй балдар эле. Көп окууларга катышып, ар түрдүү тажрыйбаларды, мыкты тренерлер менен иштеп, бүгүн өздөрүнүн билгенин силерге үйрөтөйүн деп жатышат. Окугула, изденгиле, үйрөнгүлө!”-деди директор Давлет Омурзакова.

Семинардын катышуучусу Айзирек Карыбекова:
«Семинардын өзгөчөлүгү өзүбүз менен тең окуучулар өткөндүгүндө. Анткени сени менен тең балдар семинар өтүп жатса, эмнеге мен деле өтө албайм? Мен деле окуп, ушулар сыяктууу лидер болсом деп ойлонот экенсин. Биринчиден бизге семинарды уюштуруп берген IDEA_CA уюмуна ыраазычылык билдирем. Жана биздин Жалал-Абадагы координаторубуз Алмазбек Дүйшөбаевге, Могол демилгелүү жаштар уюмунун ментору Гулназ Камбарали кызына рахмат айтам».

Көйгөйдү аныктап жаткан мезгил

Тахмина Суеркулова «Лидер бол» темасында түшүндүрдү

Катышуучулар үч топко бөлүнүп көйгөй аныктап аны презентациялап жаткан кез

Семинардын катышуучусу Асема Токтосунова топторго жардам берип жаткан учурда

Уюштурулган семинар IDEA_CA уюму тарабынан каржыланып, катышуучуларга  керектүү шаймандар алынып берилди.

Жыйынтыгында, семинардын катышуучулардын арасынан демилгелүү жаштар Могол тобуна кошулабыз деген жаштар чыгып, топко кабыл алынды. Демилгелүү жаштар Могол тобу ар кандай коомдук иштерге, акцияларга,  жергилиликтүү элдик жыйындарга катышат.

 

Арууке Арстанбекова, Гүлназ Камбарали кызы