“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Сүрөтбаян: Жаштар «Жашыл мурас» өнөктүгүнө катышты

24 Апрель 2022 жыл 12:33
Көрүүлөрдүн саны: 50

«Жашыл мурас» акциясынын алкагында жаштар тарабынан 2 гектар аянтка 1700 даана жаңгак көчөтү тигилди.

23-апрель күнү Базар-Коргон районундагы Арстанбап айыл аймагына караштуу Арстанбап-Ата токой чарбасынын Гумкана токой бөлүмүнүн №1 коругунун төртүнчү кварталында жалпы 2 гектар аянтка 1700 даана жаңгак көчөтү «Жашыл мурас» акциясынын алкагында жаштар тарабынан тигилди.

акцияга жалпы 100гө жакын ыктыярчы катышты

Асель Сансызбаева Базар-Коргондун райондук мамлекетик администрациянын орун басары:
“Бүгүнкү иш чара “Жашыл мурас” акциясынын алкагына жүргүзүлүп жатат, негизинен ушул убака чейин “Жашыл мурас” акциясынын алкагында район аймагында 28 миңден ашык көчөт тигилди, ал эми азыркы учурда жаштар менен кошо 1700 көчөт Арсланбап-Ата токой чарбасынын жангак токоюна тигилүүдө. Мындан ары иш чара улантыла берет. Дагы каарып калган дарактардын ордуна жаш көчөттөрдү жаңылоо аракетиндебиз.

Асель Сансызбаева Базар-Коргондун райондук мамлекетик администрациянын орун басары көчөт тигүүдө

Акцияга негизинен 100 гө жакын жаш жараандар катышып жатат жана алар областын булуң бурчунан келишти, негизинен ыктыярчылар “Жашыл мурас” акциясына катышып, өлкөнүн жаратылышынын сакталышына чон жардам көрсөтүп жатышат.”

Асель Сансызбаева Базар-Коргондун райондук мамлекетик администрациянын орун басары

Баатырбек Уметов Арстанбап-Ата токой чарбасынын башчысы:
Арстанбап-Ата токой чарбасынын жалпы аянты 19,1 гектарды түзүп, анын ичинен 8200 гектар аянтты токойлор калган жерлер ар кандай категориядагы жерлерди түзөт.Токой чарбада жалпы 33 кызматкер эмгектенсе, анын 25 кызматкерлери токой коргоо корукчулары.
Токой чарбада токойлор ижарага берилген. Ижарачылар келишимдин негизинде иш алып барышат.

Баатырбек Уметов Арстанбап-Ата токой чарбасынын башчысы:

Токойду коргоо боюнча токойчулар аттар менен токой коргоо жумуштар менен алектенишет. Андан сырткары эң чоң маселе калкттын жыш жайгашкандыгына байланыштуу мал чарбанын көптүгу түйшүк жаратат. Биз жылына 20 гектарга токой тигүү жүргүзулүп турат. Быйылкы жылы 27 гектар жерге токой тигилди.

Батырбек Уметов жаңгак көчөттөрүнүн тигилүү эрежелерин көргөзүп жаткан кезде

Токтомат Бокоев Арстанбап-Ата токой чарбасынын башкы токойчусу:
Бүгүнку иш чара «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында жүрүп жатат. 12-мартта президентибиз Садыр Жапаров баштап берген. Ошондон бери ар бир район, токой чарбада жүрүп жатат. Ал эми бизде Гумкана токойчулугун №2 участогунда иш чара өтүп жатат. Негизги жангак токою болгондуктан, жангак көчөттөрүн отургузуп жатабыз. Өчөмү 6 х 5 болот. Ар бир жаңгак көчөтү эреже боюнча 1 метрге 50 см жерге тигилүүсү керек. Иш-чара бул менен токтоп калбайт. Анткени 5 жылдык мөөнөтө болгондуктан иштер уланат. Күзгө чейин көчөттөрдү карап, күздө кайрадан эсептелип, маалымат берип турабыз. Республика боюнча башка токой чарбаларга салыштырмалуу Арстанбап-Ата токой чарбасынын аймагында 22 миң калк жашайт. Жашоочулардын негизги турмуш шарты токой менен байланыштуу. Токойчулар токойду коргоо боюнча жакшы иш алып барып, акыркы 3-4 жылдын ичинде мыйзам бузган иштер болгон жок. Арыз менен кайрылган жарандарга отун алуу боюнча токойдун куурап калган шактарын алууга уруксат беребиз.

Токтомат Бокоев Арстанбап-Ата токой чарбасынын башкы токойчусу иш үстүндө

Арстанбап-Ата токой чарбасынын токойчусу Назирбек Бекжанов:
Азыркы учурда эл менен токой чарба кызматташуусу жакшы. Жарандар, аксакалдар, жаштар менен бир катар иштер жүргүзулүүдө. Токойду сактоо боюнча бир катар иштерди аткарып жатабыз. Ижарага алган жарандар жаш көчөттөрдү тигип, айланасын тосуп карап жатышат.

Назирбек Бекжанов токойчу

Элянора Капарова Мен командабыз менен Кочкор-Ата шаарнынан келдик. Акцияга активдүү катышып жатабыз. Арсланбапта жангак токойлору жок болуп кетпесин деп, токойго салымыбызды кошолу деп келдик.

Кочкор-Ата шаарынан келген Элянора Капарова

Токтаева Зарина ыктыярчы: Мен Даракман айылынан болом Нокен району.Бул жака келгенимдин себеби жаратылышка камкордук көрүү болду. Анткени жаратылышыбыз начарлай баштаганы көйгөй деп эсептейм. Мен экосистеманы сактап калуу үчүн өз салымымы кошууга келдим. Арстанбап-Ата токой чарбасына окуучулар аябай көп келишти, биздин активдуу жаштарыбыз аябай көп экен. Мен жаштар  менен сыймыктанам, биз дайыма азыркыдай активдуу бололу.

Токтаева Зарина ыктыярчы

Менин атым Нуриза Рахманжан айылынан келдим. Азыркы учурда климатыбызда көптөгөн проблема болууда жана ата энелербиз, чоң адамдар дарактарды коп кыюда жана өзүбүздүн келечегибиз үчүн көчөтөрдү тигели деген максата келдик. Көчөт тигүү өтө кыйын эмес экен. Себеи бизге токой чарбанын токойчулары жардам берип жатышты. Анча күчтүү болбосок дагы көчөттөрдү болушунча көп тиккени аракет кылып жатабыз, азыркы учурада беш көчөт тиктим.

Рахманжан айылынан келген ыктыярчысы Нуриза иш чара кызыктуу өтүп жатканын айтып, көчөт тигүү менен бирге жаңы досторду табуу мүмкүнчүлүгү болуп жатканын белгиледи

Көчөт тигүү учуру

Токойчулар ар бир көчөттүн кайсыл жерге тигилишин көрсөтүп беришти

Уюштуруучулар

 

Жашыл мурас өнөктугүнүн алкагында келген жаш ыктыярчылар жаратылышка өз салымын кошуп жакандарына кубанып, жаңы досторду таап, иш чара мыкты өткөндүгүн айтышты.Тимурлан Мелисбеков