“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар- Коргон районунда Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү белгиленүүдө

23 Апрель 2022 жыл 13:16
Көрүүлөрдүн саны: 38

Иш- чаранын негизги максаты окуучулар арасында китеп окуганга үндөө, аларга китеп окуганды адатка айландыруу, ата-эне балдарына китеп окуп берүүсүнө кызыктыруу болду.

23-апрель бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата «Окуу керемет» долбоорунун алкагында №2 А.Нышанбаев орто мектебинде кыргыз, орус, өзбек тилдүү башталгыч класстардын иш чарасы, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев, облус адистери, райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу усулдук кабинетинин методисттери, улуттук тренерлер, максаттуу мектептердин мугалимдери, ата-энелердин катышуусунда жогорку деңгээлде өттү.

Иш чара Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталып Гимн менен аяктады.

Жалал-Абад облустук «Окуу керемет» долбоорунун адиси Элмира Айылчиева:

«Бүгүнкү Базар-Коргон районунда өткөн Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү аябай сонун болду. Нышанбаев мектебинде окутуу үч тилде жүргүзүлөт. Аталган  мектепте биздин китептерди пайдаланып, биздин сунуштаган иш чаралар менен аябай сонун жана чоң деңгээлде өттү. Ушул долбоорду өткөрүп жаткан мугалимдерге чоң ыраазычылыгымды билдирем.»

Жалал-Абад областык «Окуу керемет» долбоорунун адиси Элмира Айылчиева

«Бүгүн кызыктуу, таасирдүү, балага керектүү дегеле ата-эне үчүн да кызыктуу иш чара өттү. Иш- чаранын негизги максаты окуучулар арасында китеп окуганга үндөө, аларга китеп окуганды адатка айландыруу, ата-эне балдарына китеп окуп берүүсүнө кызыктыруу болду. Негизи биз максатыбызга жеттик. Анткени келген ата-энелер, окуучулар китептин пайдасын, ата-эненин ролун түшүнүштү. «Окуу керемет» долбооруна тартылган максатуу мектептердин баарында китеп күнүнө карата иш чаралар өткөрүлдү», -деди Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев.

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев

Зумрат Осмонова №2 А. Нышанбаев атындагы орто мектебинин директору:

Мына бүгүн биздин мектебибизде башталгыч класстын арасында «Окуу керемет» долбоорунун алкагында «Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө» карата иш чара өттү. Бул иш- чара өтө сонун өтүлдү. Ушундай иш- чаралар дагы көп өтсө дейбиз. Балдарды китепке кызыктырууга, математика сабагын жана ошондой эле башка сабактардан кызыгып окуусун каалайбыз.

Мектеп директору Зумрат Осмонова жана окуучулар

«Биринчиден биз аябай таасирлендик, себеби азыркы жаштар телефонго эле кызыгып, китепке кызыгуусун жок болуп баратат. Силер алып барган долбоор менен китепке кызыгып, китепти көбүрөөк окуп кетсе биз ата-энелер кубанычта болобуз. Китептен алар өзүнө жакшы нерселерди алат. Себеби биз дагы жаш кезибизде китеп көп окуганбыз. Китеп окуган балдар сүйлөмдөрдө катасыз жазат. Менин өзүмдүн кызым 2-класста окуйт Барчынай Сабиржанова. Эжекеси Шахина Мирзажанова аябай жакшы окутат. Мен кыздарымдын класс жетекчисине жана ошондой мугалимдерге, уюштуруучуларга ыраазычылыгымды билдирем», -деди иш чаранын катышуучусу ата-эне Мавлюда Мирзажанова.

Ата-эне электрондук китеп окуп берүү учуру.

«Мен 3-класстын окуучусумун. Менин атым Зулайка Абдырасулова. Мага бүгүнкү иш чара аябай жакты. Көбүнчө 4-класстын математика боюнча аткаруусу жакты. Мен китепти көп окуйм, сабактарымды аткаргандан соң адабий китеп окуп, андагы кызыктуу учурларын классташтарыма айтып берем».

«Балага китеп бериңиз» окуучулардын аткаруусунда ролдоштуруп, көрсөтүштү

Максаттуу мектептерден #22 Тагай уулу Камал орто мектебинен эжеке Калыкулова Минигүл, #14 1-май гимназия мектебинин мугалими Усенова Айтолкун жагымдуу маанай тартуулап кетти

«Менин атым Хашимжанова Асия, мен 3 класста окуйм. Мага бүгүнкү иш чарада китеп окуган жакты. Мен электрондук китептерди окуганды үйрөндүм. Аны окуганга апам жардам берет».

Электрондук китептер боюнча улуттук тренер Жаркын Маматова презентациялады

Улуттук тренер Исманов негизги мектебинин мугалими Мундузбаева Кенжекан мугалимдерге өтө жакындан жардам бергени үчүн №2 А. Нышанбаев орто мектебинин мугалимдери ыраазычылык билдиришти

«Окуу керемет» долбоорунан окуучуларга китептер сыйлыкка берилди

Хамзахан Сайгазиева №2 Нышанбав атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын завучу иш чараны өткөрүүдө активдүү катышып, аны өткөрүүдө зор эмгек жасаган. Анын айтымында балдарды китепке кызыктыруу керек. Анткени балдар көбүнчө телефон менен болуп китеп окубай жатышат деди.

«Бүгүнкү иш чара жакшы маанайда өтүлдү. Бул иш чара балдардын көбүрөөк китеп окусун деген максатта болду. Азыркы мезгилде балдар телефонго берилип китеп окууну таштап коюшту. Балдар менен ата-энелер бирге китеп окуусу үчүн көптөгөн чогулуштарды өткөрүп турабыз. Бала менен ата-эне китеп окуганда алардын ынтымагы, бири-бирине болгон мээрими өзгөчө болот. Ошондуктан ата-энелерге айтат элем балдарынарга китеп окуп берүүнү адат кылыңыздар!»-деди Хамзахан Сайгазиева.

№2 Нышанбаев мектебинин китепканачысы Фархад Абдуманап уулу:
«Биз мамлекеттик долбоордун аткаруучулары биринчи учурда биз балдарды китепти сүйүүгө жана китеп менен жашоого, окууга үйрөтүп жатабыз. Атайын конкурстарды өткөрөбүз. Азыр биз китеп долбоору боюнча иш чара өткөрүүдөбүз, балдардын өз колу менен жасаган китептерди жасоого үйрөттүк. Алар китептерди жасап келишип, көргөзмөгө коюшту. Биз мугалимдер окуучулардын фантазиясын, чыгармачылыгына өстүрүүгө салымыбызды коштук».

Мектеп окуучуларынын эмгектери

Жыйынтыгында активдүү катышкан окуучуларга «Окуу керемет» долбоору тарабынан китептер белекке берилди.

Жаркын Маматова, Гүлназ Камбарали кызы