“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Театр аркылуу сабакты кызыктуу өтүүгө болот

18 Апрель 2022 жыл 0:46
Көрүүлөрдүн саны: 48

Базар-Коргон шаарындагы О.Атабекова инновациялык-гимназия мектебинде үч күнгө созулган «Театр ыкмасын» сабакта колдонуу боюнча тренинг өттү.

Жаңыл Борбуева тренингде презентация көрсөтүп жатат

Тренингге райондогу география, биология сабактарынын мугалимдери жана райондук билим берүү бөлүмүнүн кабинеттер башчысы Жаркын Маматова катышты.

Катышуучулар иш үстүндө

Аталган тренингди өткөргөн Хелен Кох. Хелен Германиянын Кызматташтык Коому ишке ашырып жаткан “Жаңгак токойлорун жана жайыттарды башкарууга жергиликтүү коомчулукту тартуу менен биоартүрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу” кыргыз-герман долбоорун өнүктүрүү боюнча кеңешчи болуп саналат. Кыргызстандын Түштүгүндө Жаңгак-мөмө токойлорду жана жайыттарды башкарууга жергиликтүү жамааттарды катыштыруу аркылуу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу» долбоорунун алкагында уюштурулду.

Уюштуруучу Хелен Кох жана Жаркын Маматова

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн кабинет башчысы Жаркын Маматова:
«Тренингдин катышуучулары сонун ойдо кетишти, бул долбоордун тренинги адамга күч келтирбеген, сиңимдүү, практикалык көнүгүүлөрү ыңгайлуу экенин айтып кетишти. Жаңы стандарт талабына ылайык келген, жаңы программаны камтыган тренингде сонун ыкмаларды көргөзүп берди Хелен Кох».

Катышуучулар биология, география мугалимдери

Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин мугалими Жаңыл Борбуева:

«Кыргыз-Германия доолбору уюштурган 3-күндүк тренинг болуп өттү. Аны GIZ менен иштеген Хелен аттуу кыз «Театр семинар» боюнча тренингди алып барды. Бул тренингден өтө пайдалуу, күнүмдүк ишибизде кеңири колдонуучу инновациялык, креативдүү бир нече ыкмаларды үйрөндүк. Ыкмалардын кээ бирине токтолсом, ал коллаж, энержайзер, 4С, 5схема ж.б ыкмалары кызыктуу болду. Ошондой эле көптөгөн импровизацияларды да үйрөндүк.

Бул ыкмалар окуучуларды бир жерде отурбастан, жаратылышты коргоого, экологияны сактоого жана үндөөгө, сабактагы тапшырмаларды кыска убакытта, маанилүү түшүнүүгө, кыймыл-аракет менен, жансоо,үн аркылуу туюп, ой жүгүртүүсүн, ойлоп тапкычтыгын, сезимин, эс тутумун өстүрөт жана калыптандырат. Мугалим багытты туура жана так берүүгө жардам берет. Окуучу өз алдынча анализдөөнү үйрөткөн ыкмалар экенине ынандым. Демек биздин 3 күндүк тренингибиз өтө пайдалуу болду».

Гулнара Пусурова жана Хелен Кох

«Бул тренингдин 2-бөлүгү болуп, 1-тренингдин уландысы болду. Театралдаштырылган тренинг десе, менде ар кандай ойлор пайда болгон эле. Көрсө театр аркылуу биз окуучуларды сабакка активдүү, жигердүү катыштыра алат экенбиз.Үч күндүн жүрүшүндө көптөгөн жаңы ыкмаларды үйрөнө алдык. Бул биз үчүн чоң жетишкендик десем жаңылышпайм. Бүгүн үйрөнгөн ыкмаларды биз интернеттен да таба алмак эмеспиз. Эң жөнөкөй жол менен биз класстага бардык окуучуларды катыштырып, убакытты үнөмдөп сабак өтө алабыз. Тренингдин акыркы көнүгүүсү, мында бир чоң теманы тандап алып ошол теманы бөлүп берет экенбиз. Арка тарапта тема жана бөлүктөрү турат. Биз жаңгак токоюн илимий изилдөөчү болуп аткардык», -деди тренингдин катышуучусу Турусбеков мектебинин биология мугалими Гүлнара Пусурова.

Тренингдин аягында сертификаттар берилди

Райондун ар мектебинен келген тогуз катышуучулар

Гүлназ Камбарали кызы