Базар-Коргондо «Жылдын мыкты мугалими-2022» сынагы өтүп, анда биринчилике жаш адис Айпери Салибаева чыкты.
Жылдын мыкты мугалими сынагы Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ага тогуз айыл өкмөттүн мыкты мугалимдери катышты. Сынакка келген мугалимдер биринчи мектеп арасындагы сынактан, андан кийин зона боюнча сынактан өтүп келишкен.
Сынакта катышуучулар сабак өтүү, мастер класс, тест тапшыруу, өзүн-өзү тааныштыруу тапшырмаларын аткарышты.
Базар-Коргон райондук администрациясынын башчысынын орун басары Асель Сулайманова
«Базар-Коргон районунда «Жылдын мыкты мугалими-2022″ сынагы өткөрүлүп, мугалимдер тогуз айыл өкмөттөн катышышты. Сынактын ар бир бөлүгүнө мыкты даярданып, өзүнүн күчтүү жактарын көрсөтө алган педагогдор байгелүү орундарга ээ болушту. Конкурсанттарга областтык турда ийгилик каалайм!»-деди Базар-Коргон районунун акиминин орун басары Асель Сулайманова.
Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев.
«Жылдын мыкты мугалими-2022″ сынагы быйыл өзгөчө өттү. Анткени жылдагыга салыштырмалуу быйыл ар бир мектеп катышып, мектеп арасында, зоонадан өтүп, анан районго келишти. Мыктылардын мыктысы келип, райондогу гимназия мектептери катышкандыктан сынак өтө кызыктуу болду. Күчтүү мугалимдер биринен бири өтүп, аябай даярданып келишкен. Атайын түзүлгөн калыстар тобу туура, калыс болушту. Мурунку жылдарда сынак так өткөрүлбөй, ишеним кетип калган экен. Быйыл биз калыстар тобуна адилеттүү так чече турган калыстарды алып, сынак туура өттү.
Ошондуктан мыктылардын мыктысы тандалгандыктан талаш-тартыш жаралбады. Мурунку сынактарда адилетсиз жеңилип калган мугалим, эгерде ушул жылкыдай туура, так өтсө кийинки жылы сөзсүз катышам деп айтып кетти. Демек сынак жакшы өткөнүн көрүүчүлөр да көрүштү. Мындан сырткары быйыл белектерди да профсоюз менен сүйлөшүп, жүз миңдин тегерегинде үйгө керектүү техникаларды алдык. Биринчи орунга муздаткыч, экинчиге сыналгы, үчүнчүгө кир жуучу машина алдык. Ал эми калган алты катышуучуга номинация берилип, ар бирине электр мештери берилди», -деди Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев.
«Жылдын мыкты мугалими-2022» сынагынын төрагасы Муратбек
Сынактын жыйынтыгы менен Жамиля Камбаралиева тааныштырып жатканда
Сынактын катышуучулары тест тапшырууда
Тесттин калыстар тобу
№11 М.Алыкулов мектеинен Айымгул Сыдыкова, №9 Жалал-Асанов мектебинен Нургүл Калбаева, №14 «1-май» мектебинен Махбуба Абдурахманова, №5 Токтогул мектебинен Самара Калматова, №7 М.Мамбеталиев мектебинен Айпери Салибаева, №17 С.Далбаев мектебинен Динара Наимова, №53 М.Эргешов мектебинен Батма Юнус кызы, №54 «Алтын-Кыя» мектебинен Айгерим Оролбек кызы, №18 А.Тагаев мектебинен Бактыгүл Каратаевалар катышты.
Ар кесиптин ээси болууну калааган бөбөктөр
М.Алыкулов мектебинин башталгыч класс мугалими Айымгүл Сыдыкова
Айымгүл Сыдыкованын окуучулары
С.Далбаев атындагы гимназия мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Динара Наимова
№5 Токтогул мектебинен Самара Калматова
№14 «1-май» мектебинен Махбуба Абдурахманова
№18 А.Тагаев мектебинен Бактыгүл Каратаева
№54 «Алтын-Кыя» мектебинен Айгерим Оролбек кызы
«2021-2022-окуу жылында «Жылдын мыкты мугалими»сынагына катышып көптөгөн ар тараптуу, заманбап сабактарды көрүп, көп нерсени үйрөнө алдым. Райондук турда 2-орунга жетиштим. Ушул даражага жетишиме менин кесиптештерим себеп болду десем жаңылышпайм. Ыйык орозо айында, орозомун, кыйналам дебестен баары жардам колун сунушту, кеңешин беришти. Окуу бөлүмүнүн башчысы Оксана Джоробаевага, Нурила Капашевага, башталгыч класс мугалимдерине терең ыраазычылык билдирип, таазим этем. Быйылкы сынак калыстардын тактыгы ,чындыгы менен болуп өттү. Атандаштарым жаш болсо да аябай зор даярдыктар менен келишкен. Мугалимдик кесип оор жана түйшүктүү экенин карабастан мугалим экениме сыймыктанам. Ушул сынакты, сыйлыктарды уюштуруп берген башчыларыбызга ыраазычылык, бекем, бакубат жашоо каалаймын.
Мугалим болот мөмөлүү дарак,
Мугалимдин тарыхы чексиз барак.
Окуучуга мугалим сабак берет,
Эң алгачкы мугалим сабат ачат.
демекчи мугалимдер бар болуңуздар», -деди Нургүл Калбаева.
Биринчи орунду М.Мамбеталиев атындагы гимназия мектебинин англис тили сабагынын мугалими Айпери Салибаева ээледи.
Акимдин орун басары Асель Сулайманова менен
Сынакка катышканымдын негизги максаты «Мугалим» деген эң жөнөкөй, эң аруу, эң сыймыктуу, эң жоопкерчиликтуу макамдын аброюн көтөрүү, жаштарга үлгү болуу жана өзүмдүн кесиптик ишмердүүлүгүмдү жогорулатуу болгон. Сынак жөнүндө уккан күндөн баштап эле менде өзгөчө жоопкерчиликтүү сезим пайда болду. Өзүмдүн 8 жылдык тажрыйбамды пайдаланып сынактын жобосунун негизинде даярдандым жана сынакка даярданып журуп чыгармачылык менен изденип, ар тараптан өзүмдү өнүктүрө алдым.
Айпери жана профкомитетинин төрагасы Сүйүнбек Жаркынбаев
«Сынактын жүрүшү, максаты, талаптары айтор бардык шарттары жобонун негизинде калыстар тобу тарабынан калыстык менен өткөзүлдү. Сынакта 1- орунду алганыма салым кошуп, мени ар тараптан колдоп келген Мухтар Мамбеталиев атындагы мектеп-гимназия мекемесинин жалпы жамаатына, сынактын жүрүшүн жогорку денгээлде уюштурган калыстар тобуна ыраазычылык билдирем. Сынакта 1-орунду алышым мага мотивация берип, өзүмө болгон жоопкерчилигим ого бетер жогорулады. Сынак жаңы кесиптештерди табууга, иш тажрыйбамды жайылтууга көмөк көрсөттү. Дагы өзүм билим алган Б.Осмонов гимназия мектебиндеги Юсупова Азиза, Алибаева Аида, Арзыбаева Наргиза эжейлерге ыраазычылык билдирем»-деди Салибаева.
«Мен Айперинин таланттуу жаш мугалим катары билем. Сынак башталгандан бери мектепте колдоо көрсөтүп келе жатам. Буйруса мына областка чыктык. Дагы да даярданып, ийгиликке жетишебиз деп ишенем»-деди М. Мамбеталиев мектебинин директору Сыргак Жалилов.
Мектеп директору Сыргак Жалилов
Белектер
Профсоюз тарабынан белектер уюштурулуп, мугалимдердин күнүмдүк турмушуна керектүү буюмдар алынган. Жыйынтыгында областка чыккан жеңүүчүлөргө ийгилик каалашты.
Гүлназ Камбарали кызы, Нурэлес Камилов