“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргондо «Жылдын мыкты тарбиячысы -2022» сынагы өттү

14 Апрель 2022 жыл 0:19
Көрүүлөрдүн саны: 114

Сынакка даярданууда, балдарга болгон сүйүүм, заманбап методикам, көп тилдүүлүк программасын ишке ашырганым, заманбап санариптүү иштей алганым жана кесиптештеримдин, жакындарымдын колдоосу болду.

№33 «Айшоола» балдар бакчасынын тарбиячысы Жаркынбаева Айида “Жылдын мыкты тарбиячысы Базар-Коргон-2022” сынагынын гран-при жеңүүчүсү

«Жылдын мыкты тарбиячысы -2022» республикалык сынагынын райондук баскычы 2022-жылдын 12-апрель күнү Базар-Коргон шаарындагы №42 “Ак –кеме” мектепке чейинки билим берүү уюмунун мекемесинде санариптүү шарт, мыкты жагдайда өткөрүлдү.

Сынактын калыстар тобу

Сынакка катышкан 7 тарбиячы мыкты сабактарын тарбиялануучулар менен биргеликте көргөзүп тесттерди, жазуу иштерин тапшырышты.

Тарбиячылар балдар менен

13-апрель күнү А.Нышанбаев атындагы №2 орто мектебинин жыйындар залында “Өзүнүн иш-тажрыйбасы жөнүндө” презентация, «Педагогикалык окуя» кырдаалдарды чечүү, берилген тема боюнча ситуациядан чыгуу жолдорун көргөзүшүп, жобонун негизинде критерийлер менен жогорку деңгээлде болду.

Сынак Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 13.09.2021-жылдагы №1531/1 буйругунун негизинде, райондук билим берүү бөлүмүнөн буйрук чыгарылып, өз ара тажрыйба алмашуу алышып, айыл аймактан ат салышып, ийгиликке жеткен 7 тарбиячынын ортосунда өттү.

Мыктылардан мыктысын тандап алуу менен райондогу башка мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын башчыларына, тарбиячыларга мотивация болду.

Базар-Коргон райондук мамлекеттик адиминистрациясынын башчысынын орун басары Асель Сансызбаева

«Бүгүн райондук билим бөлүмү тарабынан мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары арасында уюштурулган «Мыкты тарбиячы» сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр сыйланышты. Тарбиячылар чыгармачылык менен аябай жакшы даярданышыптыр. Жыйынтыгы атайын калыстар тобу тарабынан чыгарылып, мыктысы тандалды. Бул сынак тарбиячылар үчүн жакшы мотивация болду. Бөбөктөрдү тарбиялоодо, аларга билим берүүдө тажрыйба алмашууга, мындан ары ишин шыктануу менен алып барууга өбөлгө түзүлдү деген ойдомун», -деди Базар-Коргон Райондук администрациясынын башчысынын орун басары Асель Сансызбаева.

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев:
«Кыргыз Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы №363 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” Мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык көп алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. Жаш муундарды тарбиялаган педагогдорду ушундай сынактарда иш тажрыйба алмашуусуна, иштөөсүнө шарт түзүүбүз керек. Бул сынак райондо биринчи жолу болуп жатат, токтобойт мындан ары да уланып, ар жылы өткөрүлүп, көп тарбиячыларга да стимул болот деп ойлойм. Борборлоштурулуп өткөрүлгөн сабактар ар бир мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жайылтылып, кийинки этапка өткөн жеңүүчүбүзгө ийгилик каалап кетем!»

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев

Райондук профсоюздук комитетинин төрагасы Сүйүнбек Жаркымбаев:

«Педагогдор өзүбүздү өзүбүз сыйлабасак, ким сыйлайт. Кадыр-баркын көтөрүү, жакшы иштөөсү үчүн мотивация берип, профсоюздук комитети тарабынан ар дайым кам көрүлөт».

Райондук профсоюздук комитетинин төрагасы Сүйүнбек Жаркымбаев

Райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу усулдук кабинетинин башчысы Жаркын Маматова:
«2 күндө өткөрүлгөн сынак-көп жылга тете сынак болду десем болот. Бул сынак –педагогикалык тажрыйбаны жайылтууга, чыгармачылыгын жандандырууга өбөлгө болду. Заманбап техникалар менен жаңы стандартта сабак өтүү усулдарын чагылдырып, тарбиячылар кесиптик чеберчилигини өсүшүнө өбөлгө ала алышты. Сынакка жаңы катышып, катышкандардан көп нерсени үйрөнүү да окутуу-тарбиялоо ишинде чоң жардам бере алат жана балдар менен иштөө программаларынын сапатын жана натыйжалуулугун арттырат».

Сынактын катышуучулары жана Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, жетекчиси Сопубек Сариев менен

Райондук билим берүү бөлүмүнүн мектепке чейинки билим берүү уюмдары менен иш алып барган жетектөочү адиси, усулчу Нургуль Нуралиева:
«Базар-Коргон райондук илим берүү бөлүмүнүн тарыхында биринчи жолу бул сынак өткөрүлүп жатат. Март айында 9 айыл өкмөттө өткөрүлүп, 7 мыкты тарбиячы суурулуп чыкты. Сынактын максаты –тарбиячылардын аброюн көтөрүү, таланттуу тарбиячыларды аныктап, аларды колдоо менен мыкты тарбиячыларды республикага чыгаруу. Сынак аркылуу –тарбиячылардын кесибинин маанилүүлүгүн көтөрүү, жалпыга маалымдоо».

Ар айыл аймактан келген жети жеңүүчү

№1 “Ширин” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси Кынамбү Мандашова :
«Педагогикалык көп жылдык тажрыйбамда иш тажрыйба алмашуу, коомдук иштерге активдүү катышуу менен ийгилик багындыруу болоорун билем. Бул сынак да жаш муундарга тарбия берүүдө сынакка катышкан гана эмес, сырттан күбө болгон тарбиячыларга да мотивация болду.

Сынак жогорку деңгээлде уюштурулуп, өтө сонун жагымдуу маанайда өттү. Катышуучулар да өз ийгиликтерине ынанды. Бул иштердин багытын берген, жол көрсөткөн билим берүү бөлүмүнүн башчсы Сопубек Сариевге көпчүлүк МЧББУлардын атынан ыраазычылык билдирип кетем.

№33 «Айшоола» балдар бакчасынын тарбиячысы Айида Жаркынбаева “Жылдын мыкты тарбиячысы Базар-Коргон-2022” сынагынын гран-при жеңүүчүсү:

«Бүгүнкү болуп өткөн «Жылдын мыкты тарбиячысы» сынагынын райондук турунун жеңүүчүсү аталдым. Мен бул сынакка аттанганда өтө чоң жоопкерчиликти мойнума алып жатканымды билдим жана өтө чочулап турдум. Бирок чогуу иштеген кесиптештеримдин, жетекчибиздин, жакындарымдын колдоосу мага өтө чоң күч кубат берди жана мен таймашка аттанууну чечтим.

Сынакка даярданууда,балдарга болгон сүйүүм, заманбап методикам, көп тилдүүлүк программасын ишке ашырганым, заманбап санариптүү иштей алганым жана кесиптештеримдин, жакындарымдын колдоосу болду. Ушул натыйжалар менен жеңишке жетип турам. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып мага жардам берген ар бир инсанга терең ыраазычылыгымды билдирем».

Сынак жеңүүчүлөрүнө Гран-при, 1-2-3 –орун жана номинациялар жазылган ардак грамоталар, гүлдөр жана баалуу белектер тапшырылды.

Гран –при алган №33 “Ай-Шоола” балдар бакчасынын тарбиячысы Жаркымбаева Айидага заманбап газ плитасы, 1-орунду алган №32 “Умсунай балдар бакчасынын тарбиячысы Ураимова Жыйдаханга кир жуучу машинасы, 2-орунду алаг №38 “Гүлдесте” балдар бакчасынын тарбиячысы Калматова Айзадага Плазмалык сыналгы, 3-орунду алган №10 “Кызгалдак” балдар бакчасынын тарбиячысы Махмуджан кызы Айгүлгө электрдик меш, “Чыгармачыл тарбиячы” номинациясын алган №21 “Жеткинчек” балдар бакчасынын тарбиячысы Исраилова Назирага, “Чыгаан тарбиячы”номинациясын алган №13 “Байчечекей” балдар бакчасынын тарбиячысы Азиева Берметке,, “Насаатчы тарбиячы”номинациясын алган №12 “Назик” балдар бакчасынын тарбиячысы Орунбаева Назгүлгө микро толкундуу мештер берилип, райондук мамлекеттик адиминистрациясынын башчысынын орун басары Асель Сансызбаева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев, педагогдордун профсоюздук комитетинин төрагасы Сүйүнбек Жаркымбаевдер кызуу куттукташты.

Жаркын Маматова, Гулназ Камбарали кызы