Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунда Нооруз майрамына келген элдин маанайы жакшы болуп, жаңы ачылган паркта эс алышты. Райондун борборундагы аянтка эл көп топтолуп, майрамдык салтанат Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталды.
Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Джанысак Сатыбалдиев:
“Канча күндөн бери нөшөрлөп жаап жаткан жамгыр токтоп, күн ачылып элдердин маанайлары жакшы. Көп адам катышышты. Парк да ачылып калган үчүн ал жактан сейилдеп, баарын көрүп келишип, майрамды көрүп келишти. Ыр, бийлер менен коштолду. Мага жакканы ошол ысырапкерчилик тууралуу аткарылган көрүнүш болду. Мааниси терең болуп, баарына жакты. Ал көрүнуштө бүгүнкү күндогү эң орчундуу көйгөлөрү тууралуу болду.»
Максатбек Маматаев:
«Уюштуруу жакшы болду. Кудайым да бүгүн күндү ачык кылды. Маанайыбыз жакшы. Парк да ачылып калып, майрамдан кийин ошол тарапка көздөй элдер кетип жатышат.”
Паяз Нурбаев №63 кесиптик лицейдин мугалими:
“Ар бир айыл өкмөттөн келгендер өздөрүнүн таланттарын көрсөтүштү. Өзгөчө №63 кесиптик лицейдин мугалимдери болуп жаткан ысырапкерчилик тууралуу көрүнүш аткарып беришти. Эң пайдалуулугу ушул тойлорго кеткен чыгымдар, андан кийинки болгон көйгөйлөр жана миграция тууралуу чагылдырып беришти.”
Сурма Айдарова:
“Бүгүнкү иш-чара жакшы эле болду. Күн жакшы чыкты. Өзгөчө эске калганы бул Кызыл- Үнкүр айыл аймагынан келген Садиров Биймырза аттуу жигиттин ырдаганы жакты. Ошондой эле концерттик программалар менен коштолду, ырчылар ырдады. Бирок Биймырзага эч ким жеткен жок. Чыныгы таланттуу жигит экен.
Тимурлан Мелисбеков