“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Моголдо каттоочулар окуудан өтүштү

17 Март 2022 жыл 2:05
Көрүүлөрдүн саны: 55

Базар-Коргон районундагы Могол айыл аймагындагы элди жана турак жайды каттоо боюнча окуулар өткөрүлдү.

Инструктор-текшерүүчү Камбарали кызы Гулназ каттоочуларга эл каттоонун тарыхы боюнча айтып жаткан учуру

Кыргыз Республикасындагы эл жана турак жайды каттоо 2022-жылдын 25-мартында башталмакчы. Ага карата Базар-Коргон районунда инструктор-текшерүүчүлөр үч күндүк окуудан өтүшкөн.

Инструктор-текшерүүчүлөр катточуларга алардын ишинин жүрүшү боюнча маалымат берүүдө

Калкты сурамжылоо жолу менен 25-марттан 3-апрелге чейин өлкөбуздө эл жана турак жайды каттоо боюнча Могол айыл аймагынан 6 инструктор-текшерүүчү, 60-65 каттоочу азыр окуудан өтүп бүтүштү деп билдирди Могол айыл өкмөтүнүн эл каттоо боюнча адиси Бактыгүл Алыбаева.

Каттоочулар практикалык түрдө катоону үйрөнүү учуру. Кара-Ой, Көк-Тонду,Чкалов айылдарынын каттоочулары

«Бизде жалпы алты айылдан бирден инструктор-текшерүүчү кабыл алынып, 60тан ашык каттоочу тизмеленген. Биринчи агымда координаторлар окутулуп, экинчи агымда инструктор-текшерүүчүлөр, үчүнчү агым боюнча каттоочулар окуудан өтүп бүтүштү. Буйруса эл жана турак жай каттоого даярбыз», -деди Бактыгүл Алыбаева.

Катточулар электрондук сурамжылоо менен иштөөнү үйрөнүп жаткан кез.

Ооган-Талаа айылынан каттоочу Зарина Самидинова

«Мен 2020-жылы уюштурулган окууда катышкам. Мына эл каттоону баштайбыз деп жатканда пандемия башталып кетип токтоп калган. Бүгүнкү окууда мурунку окугандарыбызды эстедик. Негизи мурунку каттоолордон айырмасы электрондук түрдө, ден соолугу жөнүндө маалыматтар, пандемияга байланышкан суроолорду камтыптыр. Анан да атайын ар бир каттоочуга карталар, үйлөрдүн даректери так берилиптир. Демек кайсы үйгө барып каттообузду билебиз. Буйруса окууда үйрөндүк, кыйынчык болбойт деп ойлойм. Бир гана байланыштан, интернеттен тоскоолдуктар болот го. Анткени айылдардын баарында эле MegaCom тарта бербейт», -деди каттоочу Зарина Самидинова.

Тимурлан Мелисбеков