“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Жаңгак туннелине жаңы көчөттөр отургузулууда

11 Март 2022 жыл 0:37
Көрүүлөрдүн саны: 80

“Жаңгак туннели” аталган 1-май айылындагы жаңгак катарга жаңы көчөттөр тигилүүдө, ар бир жаңгактын жашы 50-80 жылга чукулдап калгандыктан сынып, куурап калган. Аларды жаңылоо максатында иш- чара уюштурулууда.  

Кеңеш айыл аймагынын башчысы Майрамбек Алкадыров, 1-май айылынын айыл башчысы Тажибек Айдаровдор көчөт отургузуу учурунда

Айлана- чөйрөнү санитардык абалын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын аткаруу максатында №14 1-май мектеп гимназия мектебинин эмгек жамааты жана Кеңеш айыл аймагынын башчысы Майрамбек Алкадыров, 1-май айылынын айыл башчысы Тажибек Айдаровдор Кыргызстандагы уникалдуу жерлердин бири болгон “Жаңгак туннелине” жаңы көчөттөрдү отургузуу демилгеси көтөрүлүп, көчөттөр отургузула баштады.
№14 1-май гимназия мектебинин класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусу Калдарбек Бапишевдин айтымында иш-чарага мектеп администрациясы, эмгек жамаатты активдүү катышты.

№14 1-май мектеп гимназиясынын класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусу Калдарбек Бапишев

“Биздин айыл Кыргызстандагы өзгөчө айылдардын катарына кирет десем жаңылышпайм. Анткени бизде көчө бойлой, тирелип өскөн жаңгак туннелибиз бар. Бул жаңгак тунел канча жылдар бою жайында салкын болуп, көлөкө берсе, күзүндө жергиликтүү элге түшүмүн берип келет. Бирок жылдар өтүп, жаңгактар картайып, сынып, куурап жатат.

Жаңгак тунелинин жайкы көрүнүшү

Бул туннелдин жок болуп кетпеши үчүн аны жаңылап туруубуз керек. Арасына жаңы көчөттөрдү отургуздук. Буйруса отургузган көчөттөр бир нече жылдар дагы жолго көлөкө берип, түшүмүн берет деген тилек менен эктик”.

Мугалимдер жамааты ишембилик учурунда

Президентибиз Садыр Нургожоевич тарабынан жарыяланган 3 айлык айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү боюнча көп иштер алып барылып, ар ишемби күндөрү ишембиликке чыгып жатабыз. Көчөлөр, арыктар тазаланып, мектептин айланасына көчөттөрдү, гүлдөрдү отургузуп жатабыз”, — деди Калдарбек Бапишев.

Арыктарды тазалоо учуру

Гулназ Камбарали кызы