“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа: Мыйзамсыз курулган үйлөр талкууланды

28 Февраль 2022 жыл 14:02
Көрүүлөрдүн саны: 47

Могол айыл өкмөтүндөгү басымдуу бөлүгүнүн көйгөйү-бул жерлердин жана үйлөрдүн кызыл китеби жоктугу экени элдик жыйында айтылды.

Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл окмотундо 2021-жылдагы аткарылган иштер боюнча элдик жыйын болду. Жыйында айыл тургундары, депутаттар, мугалимдер жана аксакалдар катышты.

 

Айыл өкмөт кызматкерлеринин билдирүүсү боюнча Могол айыл өкмөтүндөгү 6 айылдан 300 дөн ашуун тургун катышып, өз көйгөйлөрүн билдиришип, жыйынга активдуу катышышты.
Базар-Коргон Мамлекеттик Администрациясынын биринчи орун басары Эрмек Момошов айыл өкмөттүн иштери жакшы. Бирок тургундардын документтер боюнча бир нече маселелер бар экенин билдирди.

«Бүгүн Могол айыл өкмөтүндө пландалган жолугушуу өткөрдүк. Жолугушуунун максаты 2021-2022 жылдардагы айыл өкмөттүн жасаган жумуштары, кылган иштери боюнча талкууладык. Элдер жакшы катышты. Могол айыл өкмөтүндө чечилбей келе жаткан суроолор боюнча суроолорду беришти. Аларды иш- чара катары жазып алдык. Буйруса элдер тарабынан коюлган маселелерди мыйзам чегинде чечип бергени аракет кылабыз.

Мен ойлойм кыла турган ишибиздин баардыгы айкын. Ал боюнча багыттарыбыз бар. Эң эле көйгөйлүүсү-мыйзамсыз курулган үйлөр экен. Президентибиз көзөмөлдөп мына тиешелүү документтери жок үйлөргө документтерин беребиз. Айыл окмот боюнча айтканда, жаман эмес кылынып жаткан иштер да, кемчиликтер да бар. Буйруса мунун баарын козомолго алабыз», -деди Эрмек Момошов.

Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов жыйын тууралуу мындай деди:

«Бүгүн 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча элдик жыйын өткөрдүк. 2021-жылдагы аткарылган иштер боюнча баардык алты айылдагы элдерди жыйнап отчет бердик . Элден суроолор болду. Аларга жооп бердик. Алардын негизги көйгөйү мыйзамсыз курулуштар жана жер үлүштөрү болду. Айыл тургундары жол маселесинда көтөрүп чыгышты.
Жол боюнча айтсак быйыл транспорт министри келип кеткен. 2 км жолду асфальттап беребиз деп айтышты. Свет маселеси боюнча РЭСтин башчысы токту күчөтүп беребиз деп сөз берди.»

Айыл эли айыл өкмөт тарабынан берилген отчет менен таанышып, суроолоруна жооп алышты.

Тимурлан Мелисбеков